Абдыжапар Бекматов: “Таза шайлоо өткөрүүдө бийликтин саясий эрки негизги ролду ойноду”

6454 кароо Аналитика 0

Кыргызстан аймакта биринчилерден болуп шайлоолорду биометрикалык өздүк менен өткөрө баштады. Өткөн шайлоонун жыйынтыгы менен өлкө ичиндеги бардык саясий күчтөр жана эл аралык эксперттер анын таза жана ачык-айкын өткөнүн таанышты. Ал арада Кыргызстан президенттик шайлоону күтүп жаткан учуру, президенттик шайлоого кандай даярдыктар болуп жатканы жана борбордук шайлоо комиссиясындагы өткөрүлүп жаткан иштер тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары Абдыжапар Гапырович Бекматов эксклюзивдуу маек куруп берди.

- Абдыжапар Гапырович Конституцияга толуктоолорду киргизүү боюнча бүткүл элдик добуш бетүү өттү. Өлкөнүн президенти бул референдумду тагдыр чечүүчү деп атады. Аталган референдумдун өзгөчөлүгүн айтып берсеңиз.

- Өткөн референдум мурдагылардай эле өлкө үчүн тагдыр чечүүчү болуп саналат. Анткени, Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу маселелер чечилбедиби. Өзгөчөлүктөрү тууралуу айта турган болсок, бул референдум өзүнүн калыс, ачык-айкын-өткөндүгү менен айырмаланып турат. Ага катталган шайлоочулардын жалпы санынын 42 пайызынан ашыгы катышты. Бул референдумга келгендердин реалдуу көрсөткүчү. Эгер мурдагы референдумдардын жыйынтыгын карай турган болсок, анда референдумга расмий келгендер 85-90%ды түзгөнү баарыбыздын эсибизде. Башкача айтканда, мурдагы бийликтегилерге жаккан жыйынтыкты көрүп келгенбиз. Азыр биз элдин шайлоого карата анык мамилесин билдик. Бул Кыргызстанда шайлоо чындыгында эле таза жана ачык-айкын өтө баштаганынан кабар берип турат. Мурдагыдай бюллетендерди массалык таштоо жана башка туура эмес амалкөйлүктөр жок.

- Өткөн шайлоонун ачык-айкындуулугун азыркы бийликтин саясий эрки деп айтса болобу же анда жаңы технологиялар жана биометрикалык өздүк чоң роль ойнодубу?

- Азыркы бийликтин саясий эрки өткөн шайлоолордун ачык-айкын өтүшүндө негизги ролду ойноду. Президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылы коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөдө алдыдагы шайлоолорду биометрикалык өздүкту колдонуу менен өткөрүү боюнча айкын тапшырмаларды берген. Муну менен катар биз техникалык жактан жакшы жабдылбагандыгыбыз жана көрсөтүлгөн мөөнөттө жетише албай тургандыгыбыз айтылган. Ошондо Президент сөзмө-сөз айта турган болсом: “Андай болсо Кыргызстанга мындай өкмөттүн кереги жок” деп айткан. Ал учурда мен парламенттин депутаты болчумун. Мына бийликтин саясий эрки жана бир катар ведомство жана кызматтардын уюшкан иштеринин аркасында биометрикалык өздүктү пайдаланып, таза шайлоо өткөрө алдык. Өз кезегинде таза шайлоо – туруктуулук жана алдыга жылууну камсыздайт.

- Парламенттик шайлоо, референдум жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо биометрикалык өздүк менен өттү, бул жаатта тажрыйбалуу болуп калдык. Аталган шайлоолордун жыйынтыгы боюнча БШК өзү үчүн кандай корутунду чыгарды, жаңы методдун кемчиликтери жана артыкчылыктары тууралуу айтып берсеңиз?

- Эң башкысы – биз ачык-айкын шайлоо процессине жете алдык жана жаман ыкмалардан арылдык. Бул эң башкысы. Албетте айрым кемчиликтери дагы бар. Өткөн шайлоонун жыйынтыгында бир катар катачылыктарды аныктадык, азыр ошолордун үстүндө иштеп жатабыз. Тагыраак айта турган болсом, шайлоодо шайлоочулардын тизмесин түзүүдө бир катар кемчиликтер болду, бул жерде ички жана тышкы миграциянын активдүүлүгү роль ойноду. Тизме ID кардда көрсөтүлгөн каттоо (прописка) боюнча түзүлгөн, ал эми чындыгында таптакыр башка жакта жашагандар көп болду. Мындан тышкары, көпчүлүгү биометрикалык өздүгүн тапшырышпай, тизмеге кирбей калган. Бул багытта биз Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирдикте дагы бир топ иштерди жүргүзүшүбүз керек. Андан ары шайлоо учакстокторунда шайлоочуларды идентификациялоодо катачылыктар аныкталды. Система шайлоочунун паспортун же манжасынын тагын тааныбай калган фактылар да катталды. Ар түрдүү маалыматтар боюнча акыркы шайлоодо мындай шайлоочулар 3-4 миң адамды түзгөн. Шайлоого дагы канчасы келген жок. Бул биз үстүнөн күчтөнүп иштей турган экинчи багыт. Акыркы токтоосуз жоюуга муктаж болуп турган - үчүнчү артыкчылыктуу багыт – автоматтык эсептөөчу урналардагы каталык. Андагы көйгөй биз сканерлер үчүн эң катаал талаптарды койгонубузда болууда, жыйынтыгында система бюллетендеги ар бир чекитке чейин эсептеп, аны жараксыз деп аныктап жатты. Ушул 3 маселени чечишибиз керек.

- Ошондой эле, парламенттик шайлоодон кийин чет өлкөлөрдө шайлоо начар деңгээлде өткөнү тууралуу көп сөздөр айтылды. Бул боюнча эмне айта аласыз?

- Мыйзамга ылайык, биз шайлоону Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде гана уюштура алабыз. Өткөн шайлоодо бардык дипмиссияларда биздин шайлоочулар үчүн зарыл шарттар түзүлду. Маселе жарандарыбыздын шайлоого жигерсиз катышкандыгында болду. Россияны мисалга ала турган болсок, ал жакта биздин жарандардын көпчүлүгү жашашат, Кыргызстандын Россияда 5 гана шайлоо участогу бар. Ошол эле учурда Россиянын бардык аймактарында биздин жарандар жашап, иштеп жүрүшөт. Ушуга байланыштуу шайлоого жакын жашагандар гана келишти. Москвада деле шаардын бир бурчунан экинчи бурчуна баргысы келбегендер шайлоого келген жок.

- Парламенттик шайлоого мурда өзүнүн фамилиясын өзгөрткөн талапкерлер дагы катышты. Эксперттер ушундай жол менен кылмыш чөйрөсүндө жүргөндөр парламентке депутат болуп өтүп кетишти деп ырасташууда. Сиз мындай билдирүүлөргө кандай комментарий бересиз?

- Мыйзам жана БШКнын талаптары талапкерлердин атын жана фамилисын өзгөртүүгө тыюу сала албайт – бул ар бир адамдын укугу. Фамилиясын өзгөрткөн талапкерлер тууралуу айта турган болсом, алардын баары бизден текшерүүдөн өтүшкөн. ИИМдин маалымат борборунда маалымат базасы бар, алар бизге ар бир талапкер тууралуу маалымат беришет. Эгер талапкер мурда соттолгон же кандайдыр бир кылмыш чөйрөсү менен байланышы болсо, анда ал көрсөтүлөт. Эгер адам фамилиясын өзгөрткөн болсо, анда анын өтмүшү эски фамилиясы менен бирге тазаланып калбайт. Ал маалымат базасында баары сакталып турат. Ушуга байланыштуу парламентке кылмыш элементтер өттү деп айтууга болбойт. Мындан тышкары, саясий партиялардын өздөрү дагы катарында кылмыш чөйрөсүндөгү адамдардын болушуна кызыкдар эмес.

- Бул жылы президенттик шайлоо өтөт. БШК кандай даярдыктарды көрүп жатат? Сиз бардык зарылчылыктар менен камсыз болгонбуз деп айта аласызбы?

- Биз алдыдагы президенттик шайлоого даярбыз. Өткөн шайлоодо кошумча дагы 2 миң автоматтык эсептөөчү урна сатып алганбыз, азыркы учурда бизде 5 миң 700 урна бар. Жалпысынан өлкө боюнча 2 миң 300 шайлоо участогу бар. Анын ар бирине 2 ден урна орното алабыз. Мындан тышкары, президенттик шайлоого чейин башта белгилегендей, кетирилген катачылыктардын, атап айтканда, шайлоочулардын тизмесин так түзүү, автоматтык эсептөөчү урналардын сапаттуу иштөөсүн камсыздоо жана биометрикалык өздүктү жыйноо иштеринин үстүндө иштейбиз. Бүгүнкү күнгө карата 400 миң өздүктү жыйноо иши турат. Ошондой эле, мыйзам базасында дагы айрым оңдоп-түзөй турган учурлар бар.

- Жаңы технология боюнча шайлоо өткөрүү экономикалык көз караштан алып караганда пайдалуубу?

- Учурда бардык зарыл жабдуулар сатылып алынды. Бул жерде белгилей кетүүчү жагдай техника көпкө чейин кызмат кылат. Ооба, биз көп эмес акча короттук, бирок бизде көпкө кызмат кыла турган шайлоо системасы бар. Анын үстүнө шайлоо өлкөнүн тагдырын чечет эмеспи. Мен жогоруда белгилегендей, жаңы технологияларды жайылтуу менен шайлоодогу кемчиликтерди ооздуктай алдык. Ал эми шайлоо таза өтпөсө, эсиңиздерде болсо элдин бир катар нааразычылыктарынын себепчиси болуп, дайыма толкундоолор менен коштолуп келген. Азыр шайлоонун жыйынтыгын өлкөнүн эли жана саясий күчтөр таза жана ачык-айкын өткөнүн таанышты – бул элибиздин өтө чоң жетишкендиги. Шайлоо дайыма өлкөнүн жана анын андан ары өнүгүүсүн чечет, мындан үнөмдөөнүн кереги жок.

- Кыргызстандагы шайлоого коңшу өлкөлөр жана эл аралык уюмдар байкоо салып турушту. Алардан кандай корутунду алдыңыздар жана кимиси менен тыкыс кызматташып жатасыздар?

- Биометрикалык маалыматты жана жаңы технологияны колдонуу менен шайлоо бизде биринчи жолу өттү. Бизге чейин мындай шайлоо Монголияда өткөн. Бардык шайлоолордо түрдүү өлкөлөрдөн байкоочулар жана өкүлдөр катышып жатышты. Жыйынтыгында алардын баары биз натыйжалуу жана калыс шайлоо системасын тапканыбызды таанышууда. Азыркы учурда мындай системага Казакстан, Беларусь, Түркия жана башка өлкөлөр кызыгып атышат. Ошондой эле, биз Дүйнөлүк жана Азия шайлоо өткөрүү ассоциациялары менен тыкыс кызматташуудабыз. Өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча биз аларга бет ачар өткөрдүк, жыйынтыгында алар жаңы модель боюнча шайлоонун натыйжалуулугун таанышты. Мындан тышкары, биз Кыргызстанда иштеген бардык эл аралык уюмдар менен кызматташабыз.

- БШКнын кызматкерлери тууралуу айтып берсеңиз. Алардын адистик кесипкөйлүгү талапка жооп береби, аларды чет өлкөлөрдө окутуу планы барбы?

- Бардык шайлоо техникалары Түштүк Кореядан сатылып алынды. Кызматкерлердин адистик кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана иштин натыйжалуулугун арттыруу максатында биз аларды окутуп, IT-адистерди Түштүк Кореяга жөнөтүп турабыз. Андан тышкары, Кыргызстанга адистер келип, окутуу семинарларды өткөрүп турушат. Ошондой семинарлар Бишкекте, Ошто жана башка аймактарда өткөрүлду. Биз кызматкерлердин ишинин сапаттуулугуна өзгөчө көңүл бурабыз.

Маектешкен Аман Алымбеков

Пикир

Оставить комментарий