Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык же оң багыттагы Кыргызстан-Өзбекстан алакалары

2078 кароо Аналитика 0

2017-жылдын 16-августунда регионалдык саясатта тарыхый окуя болуп өттү: Кыргызстан өз эгемендигин алгандан бери биринчи жолу Өзбекстандын премьер-министри иш сапары менен өлкөбүзгө келди. Эки өлкөнүн соода-экономикалык, маданий кызматташтык ж.б. маселелери талкууланган жыйында эки республиканын ушул күнгө чейин чечилбей келген чек ара линиясынын долбоору сунушталды.

Сегиз жылдан бери биринчи ирет Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчыларынын жетекчилиги астында эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык жыйын болуп өттү жана 2009-жылдан бери чогулбаган өкмөттөр аралык комиссия деңгээлиндеги өкмөттүк делегациялар мамлекеттик чекараны аныктоо маселесин карады.

Эки өлкө бири-бири менен географиялык жактан гана жакын болбостон, тарыхы бир, тили жана салт-санаалары да окшош. Бирок, ошого карабастан, акыркы жети жыл ичинде мамлекеттер аралык байланыш жокко эсе болуп кеткени баарыбызга маалым. Ошондуктан, сүйлөшө турган бир топ эле сөз чогулуп калган экен. Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн бир канча айдан бери даярданып келген бул жолугушуу сегиз саатка созулуп, өкмөттөр аралык комиссиялардын жыйынынын протоколуна жана чек араны аныктоо жыйынынын протоколуна кол коюу менен аяктады.

Жолугушуунун күн тартиби өтө кенен болуп, анда соода-экономикалык кызматташтыктан тартып маданият күндөрүн өткөрүүгө чейинки маселелер каралды. Бишкектеги сүйлөшүүлөрдөн мурда эки өлкөнүн вице-премьер-министрлеринин деңгээлинде өкмөттүк иш сапарлары ишке ашырылып, андан сырткары, 2016-жылдын октябрь айында чек арага жакын аймактарда маданий жана спорттук иш-чараларды уюштуруу иштери жүргүзүлгөн. Өкмөттүк делегациялардын жумушчу топторунун чек араны аныктоо боюнча сүйлөшүүлөрү 2016-жылдын сентябрь айында кайрадан башталып, азыркы күнгө чейин адистер 15 жолу жолугушкан.

Көптөн күткөн борбор калаадагы жолугушуунун маанисин эки тарап тең жыйында белгилеп кетти. Анткени, эки тараптуу кызматташтыкта чыккан көптөгөн маселелерди чечүү боюнча комиссиянын ишинин кайрадан жанданышына Кыргызстан да, Өзбекстан да кызыкдар.

Эки тараптын тең мамлекеттер аралык кызматташтыкка чоң маани берерин төрагалык деңгээлден даана көрсө болот: кыргыз тараптан комиссиянын төрагасы премьер-министр С.Жээнбеков болсо, ал эми өзбек тарабынан Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өзү жетектеди. Мурда Өзбекстандын мындай жетекчилик деңгээлдеги жолугушуулары Орусия Федерациясы менен гана болчу. Бул көрүнүш коңшу Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүү Өзбекстанга канчалык маанилүү экенин далилдеп турат. Мындан сырткары, комиссиянын жетекчилеринин статусу да эң актуалдуу маселелерди талкуулап, тездик менен чечим кабыл алууга мүмкүндүк берди.

Эки өлкө ортосундагы карым-катнаштык байланышты өнүктүрүүдөгү жетишкендик сүйлөшүүлөрдүн алгачкы эле мүнөттөрүндө сезилип жатты. Анткени, эки тарап тең иштешүүгө даяр маанайда келип, соода-экономикалык кызматташтыкты өрчүтүүгө жана үстүбүздөгү жылдын аягына чейин товар жүгүртүүнү эки эсеге көбөйтүүгө даяр экенин билдиришип, ал үчүн болгон бардык тоскоолдуктарды жеңүүгө аракет кылуу керектигин белгилешти. Биринчи кол коюлган протокол Кыргызстан менен Өзбекстандын соода-экономикалык кызматташтыгын жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү боюнча жакынкы келечектеги пландарын аныктады десек болот.

Эки премьер да белгилегендей, көп убакыттык тыныгуудан кийин эки тараптын биргелешип жасаган аракеттеринин жыйынтыгында, 2016-жылдын күз айларынан баштап эки өлкөнүн ортосунла өз ара мамилелер жандана баштаган. Өлкө башчылары Алмазбек Атамбаев жана Шавкат Мирзизёев бири-бири менен дайыма байланышта болуп, кыргыз-өзбек карым-катнашында жапжаңы барак ачкандыгынан улам, мындай натыйжа алынып отурат. Сандар менен белгилей кетсек, 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында товар жүгүртүү 1,8 эсеге өстү. Жылдын аягына чейин бул көрсөткүчтү 200 млн. долларга өстүрүү пландалууда. Жолугушууда тараптар кээ бир тоскоолдуктарды, өзгөчө, чек арадан адамдардын жана жүктөрдүн өтүүсүнө коюлган чектөөлөрдү жойбой туруп, соода-сатыкта чоң ийгиликтерге жетүү жана башка багыттарда эки тараптуу карым-катнаштарды өнүктүрүү мүмкүн эместигин белгилей кетишти.

Кыргыз өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков премьер Абдулла Арипов менен сүйлөшүүлөрдө чек арадагы өткөрүү бекеттерин кайрадан ачуу (2010-жылдан бери кыргыз-өзбек чек араларында өткөрүү бекеттеринин көпчүлүгү жабык турат), транспорттук жана адамдардын агымы менен байланышкан маселелер, биргелешкен ишканаларды ачуу, логистикалык борборлорду уюштуруу сыяктуу көйгөйлөрдү талкуулап, андан сырткары азык-түлүк менен өз-ара камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн да карап чыкты.

Жолугушуулардын жыйынтыгын чыгарып жатып премьер С.Жээнбеков: “- Өзбек тарап Кыргызстандын рыногуна айыл-чарба техникасын, унаа, турмуш-тиричилик буюмдарын сунуштаса, кыргыз тарап тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын, сүт жана эт азыктарын, ошондой эле текстилдик жана электр чырагы сыяктуу продукциялар менен камсыз кыла аларын билдирди,” - деп белгиледи.

Эки тараптын тең комиссия өкүлдөрү акырында ишке ашып жаткан диалогдун жыйынтыгына ыраазы болгондорун жашыра алган жок. Өзбекстан премьер-министри А. Арипов да сөз кезегинде: “- Кыргызстан – биздин эң жакынкы кошунабыз, ишенимдүү өнөктөшүбүз жана Өзбекстан бардык багыттарда эки тараптуу кызматташуу үчүн диалогго ачык, өз күчүн көп кырдуу карым-катнашты бекемдөө үчүн сарптоого даяр. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамилелеринин негизги көйгөйлөрү, соода-экономикалык, транспорттук-коммуникациялык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө каралып, товар жүгүртүүнү өстүрүү жана карым-катнаштык багыттарды кеңейтүү жөнүндө тиешелүү мекемелерге көрсөтмөлөр берилди,” - деди.

Жалпысынан алып караганда, соода-экономикалык жактан кызматташуу маселесинде эки тарап тең тез эле тил табышып кеткени менен, мамлекеттик чек ара маселесин чечүү жолугушуунун катышуучуларын бир топ убактысын алып, жолугушуунун негизги бөлүгүн түздү. Анткени, 2009-жылдан бери бул маселени чечүү боюнча өкмөттүк деңгээлдеги комиссиялардын мындай форматтагы жолугушуусу болгон эмес. Чек ара маселеси жана саясий-экономикалык карым-катнаштарда болгон алгылыктуу өзгөрүүлөр 2016-жылдын сентябрь айынан тарта байкала баштап жана тез-тез өткөн жолугушуулар менен айырмаланды.

Бир жылга жетпеген мөөнөт ичинде Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору мамлекеттик чек араны аныктоо боюнча 15 ирет жолугуп, Бишкектеги өткөн жыйынга чек аралардын долбоорун даярдашкан. Долбоордо эки тарап жалпы узундугу 1378 кмди түзгөн чек аранын 1170,53 кмдик аралыгын көрсөткөн. Жыйындын жыйынтыгында тараптар бул көрсөтүлгөн чек ара боюнча убактылуу келишим даярдоо ниетин билдирди. Келишимге кол коюу тараптардын чек ара линиясынын 84%ын аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Бул туурасында өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков: “- Убактылуу келишимге кол коюу кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо боюнча эмгектенип жаткан топтордун мындан ары да жигердүү иштөөсүнө түрткү берип, эки өлкөнүн мамилелерин сапаттык жаңы деңгээлге чыгараарына ишенем.”

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, чек ара боюнча убактылуу келишимди даярдоо жана өзбек тарабынын чек ара маселесин чечүүсү чек арадагы келишпестиктерди азайтууга мүмкүндүк берерин белгилейт.

Бүгүнкү күндө эле чек арада чыр-чатактардын саны дээрлик жокко эсе экенин байкаса болот. Үч-төрт жыл мурда өзгөчө жаз жана жай айларында чоң талаш-тартыштар чыгып, эки тарап бири-бирин күнөөлөп, курал-жарактуу окуялар да болуп кетээр эле. Эми учурдагы чек ара аймактарындагы бейпилдиктин сүрүшүнө албетте, өкмөттүн чоң салымы бар.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын өкмөтү Кыргызстан жана Өзбекстандын чек ара боюнча убактылуу келишимге кол коюусу менен талаштуу аймактар боюнча да тезинен чечим кабыл алууга мүмкүн болоруна ишенет. Анткени, талаштуу болуп келген кыргыз жана өзбек анклавдары учурда аймактагы тургундардын оор маселеси боюнча калууда.

Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы активдүү диалог, албетте, эки тараптуу мааниде гана эмес, көп кырдуу кызматташуу үчүн да зор мааниге ээ. Бирок, андан да маанилүүсү, чек арада жашаган тургундарга эки өлкөнү ондогон жылдар бою бириктирип келген байланыш-катнаштарды үзүлгөн жеринен кайрадан улап, калыбына келтирүү үчүн чыныгы үмүт болуп турат.

Жеңиш Асанов,

атайын "Кабар" үчүн

Пикир

Оставить комментарий