Атамбаевдин Россияга сапары: жыйынтыктары жана келечеги

653 кароо ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Президент Алмазбек Атамбаевдин Россияга жасаган мамлекеттик сапары өлкөнүн тышкы жана ички саясатындагы жакынкы келечектеги багыттарын дээрлик аныктап койду.

Россияга барууга дыкаттык менен жана узакка даярданышты. Себеби, бул жөн гана сапар эмес, келечектеги кызматташуу үчүн негиз боло турган конкреттүү мазмунга толгон сапар болушу керек эле. 2017-жылы Кыргызстанда президенттик шайлоо, 2018-жылы РФ мамлекетинин башчысын шайлашат, үстүбүздөгү жылы өлкөлөр дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгын белгилешти.

Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин жолугушуусунун башталышынан эле сапарга даярдык курулай болбогону түшүнүктүү болду. Президенттер буга чейин, быйыл Бишкекте эки жана Пекинде бир жолу эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшкөнүнө, көп жактуу форматта жолуккандыктарына карабастан, жакын мамиледе болушту.

Бирок бул сүйлөшүүлөр буга чейинкилерден көңүл бурууга татыктуу бир катар маанилүү учурлары менен айырмаланып турду.

Кыргызстандын президенти аны жана өкмөттү тышкы саясий манипуляция үчүн жемелөөгө аракет кылгандарга бардыгын ачык белгилеп берди. Ал бул талаштарда соңку чекитти коюп, “Кыйынчылык менен тапкан жолунан Кыргызстанды, албетте, адаштыра алышпайт. Өз ишимдин алдын ала жыйынтыгын чыгарып жатып, мен президент болуп турган жылдардагы башкы жетишкендиктердин бири - Россия менен мамилебизди стратегиялык алакалардын, достук жана боордоштуктун жолуна салууга жеткишкенибиз болуп саналат”, - деди.

Россия менен стратегиялык мамилелерге жетишүү темасы президент тарабынан ар кандай жолугушуулардын жүрүшүндө козголуп келген. Ошондой эле, ал конъюнктуралык же кырдаалга байланыштуу болгон жок. Дал ушул Атамбаев бакиевдик чөйрө тарабынан бузулган тышкы саясий өнөктөштөрдүн башкыларынын бири менен болгон мамилени дээрлик нөлдөн баштап куруп чыкты. 2011-жылы президент боло элегинде өлкө үчүн абдан маанилүү болгон мунайзат продуктуларын салыксыз ташууну кайтарууга, андан соң өлкөгө ири россиялык өнөр жай оюнчуларын тартууну камсыздоого жетишти.

Айтор, Атамбаевдин жүйөлүү прагматизми Кыргызстандын башка стратегиялык өнөктөштөрү менен да жакшы мамилелерди түзүүсүн шарттап жатат. Президент сүйлөшүүлөрдү тайманбастан ачык, токтоо жана оюнсуз жүргүзүүдө. Кээде бул стандарттык жүрүм-турумдай сезилет. Бирок, оюнга айлантып, манипуляциялоого барган Акаев менен Бакиевдин тажрыйбалары тышкы саясаттагы ак ниетсиздиктин кандай кесепеттери болушу мүмкүн экенин көрсөттү. Атамбаев ириде өзүнүн алдына чет элдик өнөктөштөр менен тең укуктуу жана өз ара пайдалуу диалог жүргүзүү, өлкөлөрдүн ортосунда экономикалык жана социалдык-маданий мейкиндиктеги эки жактуу байланыш чекитин табуу шарттарын койгон.

Мунун баары кыргыз-россия мамилелерине таасирин тийгизди.

Эми эки өлкөнү бириктирген жаңы жагдай Кыргызстанда көтөрүлүп, президент тарабынан колдоого алынган “Алтай цивилизациясы” долбоору болуп калат. Бул темадагы биринчи конференция июлдун этегинде өтөт. Ошондуктан, Москвага барганда А.Атамбаев бизге жакын, тууган элдер жашаган Уфа жана Казанга бекеринен барган жок. Президент Башкырстан жана Татарстан башчыларын форумдун ишине катышууга чакырды.

Экинчиден, Башкырстандын башчысы менен жолугушууда президент кыргыз-россия мамилелеринин келечектеги өнүгүшүн, РФ аймактары менен өз ара алакаларды өнүктүрүүнү так аныктап көрсөттү. “Бизди миңдеген жылдык жалпы тарых байланыштырып турат. Алтайдан, Алтай цивилизациясынан баштап караганда, мындан соң Чыңгызхандын кара доору, Алтын Ордо, андан соң Россия империясы, кийин СССР болгон”, - деди президент.

“Учурда биз жалпы мейкиндикти, жалпы экономикалык жана маданий мейкиндикти сактап калуубуз керек, (...) биз бул туугандык байланыштарды маданиятыбызда жана жазуубузда сактап калуубуз зарыл”, - деди А.Атамбаев.

Бул тезисти Кыргызстандын президенттигине талапкерлердин баарына жиберсе боло турган маанилүү ички саясий багыттардын бири катары кылууга болот. КР президентинин Россияга жасаган мамлекеттик сапарын чагылдырган дээрлик бардык россиялык ММКлар сапар Атамбаевдин президенттигинин акыркы жылы болгонун, муну мамлекет башчылар өздөрү да белгилешкенин билдиришкен. Бирок, алар өткөн мезгилде өлкөдө абал жакшырып, туруксуздук артта калганын белгилешти. Комплименттерге анча жоомарт эмес В.Путин “Алмазбек Шаршеновичтин аракеттеринин натыйжасында кырдаал жөнгө гана салынбастан, позитивдүү өнүгүү багытындагы нукка өткөндүгүн” билдирди.

Албетте, 20-июнда Кыргызстан менен стратегиялык өнүктүрүү жана өнөктөштүк тууралуу декларацияга кол коюу менен Россия биздин өлкөдөн ары-бери буйдалбай, бир нукта жүргөн өнөктөштү көрүүнү каалайт. Бул маселеде бардыгы тышкы саясатты мыйзамга ылайык ишке ашырган мамлекет башчысынан көз каранды болуп саналат.

Атамбаевдин сапары учурунда белгилешкендей, Кыргызстан жана РФ мамилелеринде ар кандай мезгилдер болду. Бирок, азыркыдай жылуу мамилелер эч качан болгон эмес. Болбосо, сүйлөшүүлөрдүн жыйынытыгында В.Путиндин А.Атамбаевге “россия-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүдө жасаган иштери, Кыргызстанда орус тилин колдоого алганы үчүн” ыраазычылык билдиргенин кандайча түшүнүүгө болот. “Биз буга баа бере алабыз, жогорку баа беребиз. Сизге орто мөөнөттү эки жактуу мамилелердин бекем пайдубалын курганыңыз үчүн ыраазычылык билдиргим келет жана келечектүү өнөктөштүккө ишенем”, - деди россиялык президент.

РФ жетекчилиги өлкөбүздөгү саясий процесстерди кызыгуу менен байкап турушат, албетте, кыргыз мамлекетинин башында өз ара мамилелердин жибин улап, андан да жемиштүү кылууга жетишкен фигураны көрүүнү каалашат. Саясий эмес, экономикалык өңүттөн алганда, мамилелер, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында тереңдеши күтүлүүдө.

Болочоктогу президенттин ысымын президенттердин бири дап атаган жок. Аны менен бирге коңшулаш жана өнөктөш Казакстан жана Кытай лидерлери тарабынан да аталган жок. Мында 25 жыл аралыгында оор жолду басып өткөн Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүнө кызыкдарлык билдиришти.

Үчүнчүдөн, А.Атамбаев сапарынын жүрүшүндө биринчи жолу буга чейин ал жетектеген КСДП партиясынын президенттикке талапкери тууралуу айтты. Президенттик партия мамлекет башчысынын кызматы үчүн премьер Сооронбай Жээнбеков күрөшө турганын анык чечип койгон. Бир айдан ашык убакыттан бери баары эмнеге ал деп божомолдоп жатышат. Журналисттер менен маектешүүдө президент биринчи жолу КСДП саясйи кеңешинин тандоосу тууралуу пикирин айтты. Ал премьерди бардык кыйынчылыктарга карабастан, Атамбаев менен 1995-жылдан бери бирге болуп келген “жакшы жана адамгерчиликтүү адам” катары атады. Президент партиянын съездинде саясий кеңеш талапкерге колдоо көрсөтөөрүнө ишенерин, себеби, “бул өлкө үчүн татыктуу тандоо” болорун билдирди.

КСДП съезди 15-июлга белгиленген, болочок талапкердин партиялаштары Москвадагы сүйлөшүүлөргө терең маани берип, президенттин билдирүүсүн угушкан чыгаар. Ошондой эле, алар ага колдоо көрсөтүшөт, ал эми 15-октябрда калк ага ишеним көрсөтөт. Болбосо, ал күзүндө өлкөдө 2020-жылга, шайлоого чейин иштей турган өкмөт түзүлөөрүн неге айтмак эле. Бул президенттин бардык оппоненттеринин “Мекенибиз эмне болот, биз кантебиз?” деген түпсүз суроосуна берген жообу болду.

Булагы: АКИpress

Пикир

Оставить комментарий