Бээнин сүтү стрессте жана өнөкөт чарчоодо жардам берет

1258 кароо Дүр дүйнө 0

Биз кыргыздар көчмөн калк болгондугубузга байланыштуу мал-жандыкка, анын ичинде өзгөчө жылкыга жакын келебиз.

Жылкы таң калычтуу мүнөзгө ээ болот. Анын даам сезүүсү өткүр, жада калса чөптү да дыккатык менен бөлүп жейт. Бул акылдуу жана сезгич, жана таза жаныбар бузулган жем-чөптү эч качан жебейт. Жада калса зыяндуу заттар кошулган сууну да ууртабайт. Ошондуктан көчмөндөр, жаңы төрөлгөн ымыркайды жылкы ичип кеткен сууда киринтишкен.

Бээ, 1ден 2 саатка чейинки аралык менен саалат, ар бир саан 0,5 – 1,5 литр сүт берет. Жаңы эле саалган бээ сүтү нейтралдуу реакцияга ээ, ал абдан ынак, таттуу келген даамга жана көгүш-актан бир аз күрөңгө өткөн өңгө ээ. Сүттүн маанилүү курамдык бөлүгү болуп, лактоза, белоктор, майлар, витаминдер, ферменттер, минералдык заттар эсептелет.

Бээ сүтүнүн курамы, уйдун жана башка жандыктардын сүттөрүнүн курамынан өтө эле айырмаланат. Анда белоктор, майлар жана минералдык заттар 2 эсе аз, жана уй сүтүнө караганда дээрлик 1,5 эсе көп лактоза бар.

Бээнин сүтү жогорку биологиялык баалуулукка ээ. Белоктордун саны жана курамы боюнча, бээ сүтү албуминдик сүттөр тобуна кирет.

Бээ сүтүндө уй сүтүнө караганда майлар аз, бирок анын артыкчылыгы, ал, кургак учук бактерияларынын өсүшүнө тоскоол болгон линолук, линолендик жана арахидондук кычкылдыктарга бай.

Бээ сүтүндө сууда жана майда эригич витаминдер көп.

Бээ сүтү гормоналдык активдүүлүккө ээ. Анда, кортизол, эстрадиол, тестостерон, пролактин, инсулин жана тиреоиддик гормондор: Т3 жана Т4 көп курамы менен стероиддик гормондордун кеңири спектри камтылган.

Бээ сүтүн ичүү төмөнкүдөй учурларда сунушталат:

  • Зат алмашуу бузулганда,
  • Диспепсиялык синдромдо (кекирүү, жүрөк айлангандык, ич катуу, ичегинин курулдашы, метеоризм),
  • Ичегинин жугуштуу ооруларында,
  • Кызамыкта, псориазда, күнгө күйүүдө,
  • Карыган курактагы ооруларда жана алсыздыкта,
  • Операциядан кийин тез калыбына келүү үчүн,
  • Стрессте жана өнөкөт чарчоодо,
  • Спорт менен машыгууда кошумча азык катары.

Пикир

Оставить комментарий