Биз тандоонун алдында турабыз: же сөз эркиндиги, же негизсиз ушак - Президенттин кеңешчиси Ф.Ниязов (интервью)

6106 кароо ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек (АКИpress) – Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине айтылган жалаа үчүн Башкы прокуратуранын бир нече доо арыздарынан кийин маалымат мейкиндигинде түзүлгөн кырдаалга өз баасын берди.

  • Учурда маалымат мейкиндигиндеги абал кандай?

  • Чынын айтканда, мындагы жагдай ар түрдүү. ЖМКлар менен соттошууга болбойт деген ойдун калдыгы менде да бар. Бизге муну көп жылдардан бери айтып келишкен жана бул ошол кезде туура болгондугун мисалдар аркылуу көрүп жүрөбүз. Бир жагынан алганда, дүйнө өзгөрүп, маалымат доору келди. Америкада өткөн шайлоолор маалымат менен кандай иштерди ишке ашырууга болорун көрсөттү. Учурда “жалган маалыматтар” катастрофалык таасирге ээ болуп бара жатат. Бүтүндөй дүйнө жүзүндө! Бизде дагы.

Азыркы тапта маалымат негизги каражатка, башкы куралга, жада калса башкы товарга айланды. Айрым адамдарды гана эмес, бүтүндөй мамлекеттерди жок кылган кооптуу товар, олуттуу курал болуп калды. Эми муну баалабай коюуга болобу?

Коомчулукта көп сөз жүрүп жаткан доо арыздарын, жеке көз карашымда, Кыргызстанда сөз эркиндигинин өнүгүү жана калыптануу баскычтарынын бири катары карайм. Ырасында, биз тандоонун алдында турабыз: же сөз эркиндиги, же негизсиз ушак. Бүт дүйнөдө маалыматтын сапаты үчүн жоопкерчилик бар. Батышта ушак үчүн чоң жоопкерчилик каралган. Алсак, АКШда жалган жалаа үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратып, же 250 миң долларга чейин айып пул салышат. Германия жана Францияда 5 жылга, Норвегияда 1 жыл, Италияда 2 жыл камакка алынат. Кошумча, бул өлкөлөрдүн ар биринде ири айыптар жана моралдык зыян үчүн компенсациялар каралган.

Журналисттерден маалыматты дыкат текшерүүнү талап кылгандын эмне жамандыгы бар? Чындыкты жайылтуу керек. Демократиясы өнүккөн өлкөлөрдө сын материалдар автор редакторго анын чындыгын далилдеген соң гана гезит беттерине же ТВ эфирине чыгарылат. Маалыматты жарыялоо үчүн документтердин топтомун жыйнашат.
Ошондуктан, кандай күтүүсүз жана парадоксалдуу угулса да, дал Алмазбек Атамбаев сөз эркиндигинин принциптерин коргоо үчүн чыгып жатат. Тескерисинче, ЖМКларга карата бийликтин негизсиз мамилеси тууралуу кыйкырып чыккандар, кандай болсо да чынчыл журналистиканы бүлүндүрүү үчүн иштеп, маалыматтык террор, шантаж кылуу жана опузалап алуунун ыплас тажрыйбасын колдоп жатышат.

Эсиңиздерде чыгаар, А.Атамбаев беш жыл мурда “аарылар менен чымындар” тууралуу тасмилди айтып берген. Анда аары-журналисттер бакчада позитив ширесин издесе, чымын-журналисттер ыпластыкты табышат. Ошол кезде президент тамсилди ЖМКдагы кырдаалга келтирип айткан. Тамсил кыргыз журналистикасынын мазмунуна жакшы жагынан таасир бере алгандыгын айта алам.

Доо арыздары боюнча жагдайды жеке өзүм журналистиканы тазалоо, чындык жана адилеттүүлүк, ЖМКларга коомдун ишеними үчүн күрөшүүнүн уландысы катары көрөм. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, цивилизациялуу коомдо сот аркылуудан тышкары башка жол менен мындай маселелер чечилбейт.

Жогоруда айтып кеткенимдей, узак мезгилден бери биз сөз эркиндигинин принциптерин түшүнүүдө стереотиптердин таасири алдында болуп келебиз. Бул көз караштар ЖМК мурда дайыма коомдук процесстердин алсыз катышуучулары катары саналып келгендиктен чыккан. Бирок, бүгүн биз маалыматтык коомдо жашап жатабыз. Бардыгы өзгөрдү.

- Президент сөз эркиндигин коргоо үчүн доо арыз менен кайрылып жатканына коомчулукту ынандыруу оор болбойбу?

- Албетте, оор болот. Бирок, жалган үчүн жоопкерчиликтин болушу адилеттүүлүк эмеспи. Менимче, аракеттенебиз. Ошондуктан көп иштөөгө, түшүндүрүүгө туура келет. Бирок, жалган жалаа – бул аны тамырын кыркуудан да жаман аракет экендиги чындык. Жада калса, жалаа үчүн бийлик каршы чыгып жатса да. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө сыяктуу мыйзамдуу ыкма, цивилизациялуу жол бар. Сот аркылуу. Менимче, эл түшүнөт. Адамдарга айтып, түшүндүрөбүз жана эртедир-кечтир чындык ким тарапта экендигин коомчулук ыкчам талдап калат.

Учурда баарынан мурда ким каршы чыгып жатат? Кооз аталыштагы сөз эркиндигин коргоо боюнча комитет бар, анын негиздөөчүлөрү - Замира Сыдыкова, Нарын Айып, Бегалы Наргозуев. Алар ким болушкан? Алар өздөрүн журналист катары атай алышат, бирок, менимче, сөз эркиндигин коргоо үчүн чыгуу укугунан эбак эле ажырашкан. Ошол эле Бакиевдин режимине кол куушуруп жүргөндө жоготушкан. Садыркуловду өлтүрүп, Сыргак Абдылдаевди бычактап, Павлюкту алдап колго түшүрүп, өлтүрүп жатканда, алар үндөбөй отурушкан. Сөз эркиндиги тууралуу кеп козголгон эмес. Сыдыкова Америкада элчи, Нарын Айып “Кабар” агенттигинин директору болгон. Наргозуев Максим Бакиевди Курманбек Бакиевден кийинки президенттикке жалгыз жана эң мыкты талапкер деп атаган.

Башка медиа өкүлдөр ойлорун айтып жатканда, биз дагы алар менен талкуулоого, талашууга, сүйлөшүүгө даярбыз. Бирок жогоруда аталган адамдарды олуттуу кабыл ала албайм.

- Сөз эркиндигин коргоо дайыма коомду мобилизациялоонун кыймылдаткыч күчү болуп келген. Бул жолу да ушундай болушу мүмкүнбү? Анткени 18-мартка активисттердин жөө жүрүшү белгиленген?

- Эгерде кеп чындыгында сөз экриндиги тууралуу болсо бир жөн. Бул окуяда доо арыздар кимдерге карата экендигинин карасак. Узак мезгилден бери эч ким доо арыз менен кайрылган эмес. Башкы прокуратура айрыкча деле доо арыз берген эмес. Дайыр Орунбековдун жалган макаласы менен байланыштуу окуя гана орун алган. Бирок, акыркы кездердеги айрым саясатчылар жана кээ бир ЖМКлар максаттуу түрдө чыгарып жаткан негизсиз ушактар Башкы прокуратураны доо арыз менен кайрылууга мажбур кылды. Алар прокуратура органдарына бардыгыбыз үчүн бирдей мыйзамдар бар экендигин эске салды. Тактап айтканда, бул адамдар жана ЖМКлар доо арыздарын өздөрү көкүтүп алышты.

АКШ Конгресси каржылаган “Азаттык” радиосунун бюджети аз деп эсептебейм. Ал жакта тажрыйбасыз журналисттер, бейкүнөө жаш адистер отурат деп ким айта алат? Алар эмненин үстүндө иштеп жаткандарын жакшы билишет. Ал жерде чоң жана олуттуу кызмат бар. Алар максаттуу түрдө кандайдыр бир ишти жүргүзүп жатышкан, “Азаттык” радиосунун белгилүү бир жетекчилери тууралуу айткым келбейт. Мен Бишкекте отуруп алып “Азаттыктын” маалыматтык саясатын түзгөн адамдар жөнүндө айтып жатам. Ошентип ал жакта жамаат максаттуу түрдө иштеп келген. Өзүңүздөр калыс болсоңуздар, ошол эле “Боинг” учагындагы жүк тууралуу маалымат расмий түрдө четке кагылды. “Ата Мекен” партиясынын юристтеринин маалыматын толук текшербестен, алар аны жарыялап жиберишкен. Юристтер жасалма кагаздарды көрсөтүп жатканы анык эле. Расмий төгүндөөлөр болгондугун билишсе да, бул жалганды текшербестен чыгарышкан. Ошол эле учурда буга чейин бул маалыматтар четке кагылгандыгын жазбай коюшкан. Мында бир максат бар.

Экинчи ресурс – чет жактан гранттарды алган “Заноза” сайты. Анда кыйла тажрыйбалуу журналисттер иштешет. Алар бул текшерилбеген жана такталбаган маалымат экендигин билип турушуп, жаңылыктар түрмөгүнө чыгарышкан.

Ошондуктан, “Азаттык” радиосундагы жана “Заноза” сайтындагы А.Атамбаевге каршы келген бул макалаларды атайылап окурмандарды алдоо, жалган маалымат катары атоого болот. Ал эми сөз эркиндигине байланыштуу эч нерсе жок.

- “Азаттык” радиосу ЖМК жөнүндө мыйзамда коомдук билдирүүлөрдү цитата келтирүүгө боло тургандыгы тууралуу шилтеме бар экендигин билдиришти.

- Коомдук билдирүүлөрдү сөзмө-сөз берүүгө болот. Бирок, мыйзамда алар маалыматты текшерүүсү керек деген дагы бир жобо бар. Бул жагдайда маалымат текшерилген эмес. “Азаттык” радиосуна бул сөздөрдү жеткирүүгө эч ким тоскоолдук кылган эмес, буга чейин расмий түрдө төгүндөлгөнүн белгилөө менен жарыялоо керек эле.

Биринчи чыккан жалган маалыматты канча адам, ал эми 3 сааттан кийин чыккан биздин четке кагууну канчасы окуй турганын билесиздер. Экинчисинде көп эсе аз окулат. Ошондуктан жалган маалымат таасирдүү болуп кетет. Маалыматтын өнүгүшүнүн бул баскысында жалган маалымат натыйжалуу иштейт. Бирок ал кыйратуучу таасирге ээ. Буга байланыштуу, жалган маалымат экендигин аныктоонун эң туура жолу - бардыгын цивизациялуу жол менен сот аркылуу жөнгө салуу болуп саналат.

Башта саясатчы ЖМК менен соттошпоого тийиш деп эсептелип, бул аксиома, нормалдуу көрүнүш катары саналган. Ал кездерде маалымат айдыңындагы кырдаалды расмий ЖМКлар: гезит, телеберүү жана радио жөнгө салып турган. Азыркы тапта интернеттин доорунда жашап жатабыз. Интернет сайттар – бул башка, айрымдары ЖМКга кирбейт. Интернет көптөгөн башка ыкмаларды колдонууга шарт түзөт. АКШда өткөн шайлоолор, чындыгында, аба ырайын расмий ЖМКлар эмес, социалдык тармактар түзүп койгонун көрсөттү.

Эми маалыматтын өнүгүшүнүн жаңы баскычында ар бир саясатчы жана мамлекеттик кызматкер үчүн тигил же бул маалымат жалган экендиги боюнча соттун чечимин алуу маанилүү болуп калат. Себеби, ушундан соң коомчулук бул калп экендигин билет. А эгерде унчукпай койсо, коомчулук ушакчылардын айтканы туура экен деп ойлоп калат. Ал эми төгүндөөгө көпчүлүк ЖМКлар жөн гана маани бербей коюшат. Интернет адам тууралуу маалыматтарды өмүр бою сактоону шарттайт. 2014-жылы Акаев Атамбаев байлык топтогон 50 млн рубль тууралуу интервью берген. Бул тууралуу “7-канал” жана “Жаңы Ордо” гезити жарыялаган. Бирок эч ким сотко берген эмес, четке кагуу гана болгон. Болгондо да, Нарын Айып өзү телеберүү аркылуу төгүндөгөн. Ал эми бир жарым жыл өткөн соң ошол эле Нарын Айып бул тууралуу кайрадан, бирок эми ТВда даярдалган сюжетине 180 градуска каршы келген, башка позицияда жазып чыкты. Биз кайрадан доо арызсыз ЖМК аркылуу четке кактык. Бирок бир жыл өткөндөн кийин Чолпон Жакыпова кайсы бир интервьюсунда Акаевдин эски жалганын кайталады. Бул жагдайда, маалыматтын жалган экендиги тууралуу соттун чечимине жетишүүгө мажбурбуз. Алар бизди доо арыз менен кайрылууга өздөрү түртүп жатышат. Бизге башка айла калтырышкан жок. Өзүнүн атын каралоодон сактоону каалагандардын баарына бул кадамга барууга туура келет. Интернет маалыматтарды сактайт. Анда бул жалган маалыматтар, сот жалган же ушак катары тааныгыча ар дайым чыга берет.

- Атамбаев саясий оппоненттерин соттук доо арыздары же коркутуу аркылуу жазалап жатат дегендерге эмне айтасыз?

- Өмүрбек Текебаевди саясий оппонент деп атоого эми болбойт. Себеби, президент А.Атамбаевге кийинки президенттик мөөнөткө шайлануу зарылдыгы жок. Ал эми Ө.Текебаевдин мындай мүмкүнчүлүгү болгон эмес жана жок.

Коркутуулар тууралуу айтсак, Алмазбек Шаршенович 9 айдан кийин мамлекет башчысы кызматынан кетээрин баарыбыз билебиз. Ал кандайдыр бир мамлекеттик кызматты ээлөөнү каалабастыгын билдирген. Ошондуктан коркутуулар тууралуу бардык сөздөр негизсиз.

Президент бардык нерсени өз аты менен атаганы башка иш. Ал кырдаалдын бардык катышуучуларын: саясатчыларды, жарандык коом жана жалпыга маалымдоо каражаттарын мыйзам менен жашоого үйрөтүүгө аракеттенип жатат.

Кайталап кетсем, менимче: “Доо арыздары боюнча маселеде жеке кызыкчылык мамлекеттикинен басым кылган жокпу?” деген суроо туулушу мүмкүн. Мисалы, бир жыл мурун мындай доо арыздарда жеке мүнөз болушу мүмкүн эле. Бирок анда доо арыздар болгон эмес. Эми маалыматтын ролу күчөп, президенттик шайлоолор тууралуу сөз козголгон жагдайда баары өзгөрдү. Анын үстүнө маалыматтын жана жалган жаңылыктардын АКШда өткөн шайлоолорго тийгизген таасири боюнча токтобогон талаш-тартыштар бизге ачык мисал боло алат. Эми мунун баары жеке маселеден мамлекеттик маанилүүлүккө өтүп бара жатат.

- Акыркы суроо. Соттук доо арыздар жалган маалыматтарды жогото албаган жагдай түзүлөбү? Себеби, бул үчүн соцтармактарды көзөмөлдөө керек. Чыныгы сөз эркиндигин орнотуунун кийинки баскычы интернет-мейкиндигин көзөмөлдөө аракети болуп калбайбы?

- Суроонун маңызы толук түшүнүктүү, бирок сөз эркиндигинин тагдыры чындыгында коомдун маалымат чөйрөсүндөгү кооптуу тенденцияларды жеңип чыгышынан көз каранды экендигине ынанам.

Маалымат агымында кесипкөйлүк менен иштеген журналист катары, Сиз, жалган маалыматтардын терс жактарын бизге караганда жакшы сезесиз. Бул маселеде биз кыйла алсызбыз. Бийлик Кыргызстандагы кырдаалга жооптуу, сиздер, бийликтин төртүнчү бутагынын өкүлдөрү ар бир кемчилик үчүн бизден мыйзам ченемдүү жана адилеттүү түрдө сурайсыздар.

Ал эми жалган маалыматтар өлкөнүн маанайын бузуп, адамдардын каарын жана нааразычылыгын ойготууга багытталат. Ошол эле учурда адилеттүүлүк үчүн эмес, белгилүү бир, көбүнэсе чет элдик саясий оюнчулардын керт башынын пайдасын ойлогон кызыкчылыктарын көздөйт. Анын үстүнө бизде ноябрда президенттик шайлоолор өтөт эмеспи.

Биз бардык ЖМКлар менен мамилебизди курчутпай, калган айларда тынч иштей берсек болмок. Бирок, бул ишти кимдир бирөө башташы керек болду.

Жергиликтүү же чет элдик адамдардын Кыргызстанга өз оюнун таңуулагандыгы чынчыл жарандардын жана журналисттердин кызыкчылыгында эмес экенине ишенем. Себеби, дүйнөдө жалган маалыматтардын согушунун “ийгиликтүү” тажрыйбасы болгон. Бул таасирдүү курал жана аны колдонуу тажрыйбасы бар.

Бүгүнкү күнү биз ТВ, радио, гезиттерде жана ири интернет сайттарда такталган маалыматтарды жайылтуу маданиятын үйрөтүшүбүз маанилүү. Анткени алар элдин маанайына жана тандоосуна зор таасирин тийгизет. Социалдык тармактар салмакка ээ болуп келе жатканы менен, алар саясий маалыматтар жаатында ири ЖМКлар жарыялангандарды гана жайылтышат.

Ал эми интернет көзөмөл боюнча алсак, Кыргызстан бул багытта кандайдыр бир чараларды көрөт деп ойлобойм. Интернет биздин жашообузга кирип кетти. Эсиңерде болсо, мурда үйлөрдө жарык өчкөндө, жашоо токтоп калгандай сезилчү. Ал эми азыр интернет жок болуп калса, үйдө эмне болот?...

Адамдар аны абдан терең кабыл алышты. Бүгүнкү күнү интернетти көзөмөлдөөнүн кереги жок жана мүмкүн эмес деп ойлойм. Адамдарды интернетсиз калтыруу – маанилүү бир нерседен ажыратуу дегендик. Абасыз калтырган сыяктуу. Андан көрө цивизациялуу мамилелерди өнүктүрүү керек.

Булак: kg.akipress.org (маек АКИрress маалымат агенттигине орусча чыккан).

Пикир

Оставить комментарий