Борбор Азия геосаясий кыймылга келди

1014 кароо Аналитика 0

Борбор Азия геосаясий кыймылга келди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын Ассоциациясын түзүү демилгеси менен чыкты. Анын айтымында, аймактар аралык кызматташтыкка өзгөчө көңүл буруу зарыл. Бул үчүн ал Борбор Азиянын аймактарынын хокимдеринин жана бизнес-коомчулуктарынын жетекчилер Ассоциациясын түзүүнү сунуштады. Бул Өзбекстандын башчысынын пикиринде, аймактар жана алардын жетекчилери менен, ошондой эле бизнес-коомчулуктар менен түз сүйлөшүүлөрдү шарттап, натыйжада жыйынтык берет.

Бул өңүттө эксперттер Өзбекстандын башчысынын жаңы демилгеси сыйга татыктуу экенин, себеби Борбор Азия аймагы жаңы багыттар менен жүрө баштады. Анын аркасында аймактын көптөгөн жылдар бою бир орундан жылбай турган өлкөлөрү жакшы жагына өзгөрө баштады. Алар келечекте бул Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн дүйнөлүк аренадагы позициясын жакшыртууга өбөлгө болот. Мына ушулар жана Борбор Азия аймагы геосаясий кыймылга келгени тууралуу эл аралык иштер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов айтып берди.

Саясат таануучунун айтымында, Борбор Азия аймагын алсак, жалпысынан 2017-жылы ал жаңы геосаясий циклге келди. Ага карабастан, жалпы аймактын геосаясий кыймылы башталганы менен, бул процесс али түшүнүктүү эмес. “Ыкчам жүрүш алган кыргыз-өзбек алакаларынын жакшыруусу жана кандайдыр бир деңгээлде кыргыз-казак мамилелеринин курчушу аймак кыймылга келгени тууралуу айтып турат”, - деп көңүл бурат саясат таануучу.

Анын айтымында, мунун себеби Кыргызстан менен Өзбекстан учурда аймактагы карама-каршылыктарды жана себептерди жашырууга аракет кылышууда. Жөнөкөй айтканда, бул аймакта орун алган шарттарды жана себептерди, кандайдыр бир деңгээлде өлкөлөрдүн араздашууларын жок кылууга, алар улуттук эмес, жалпы улуттук артыкчылыкка ээ болушуна умтулушууда.

Ал гана эмес, кыргыз-өзбек мамилелери жана КР башчысынын аймактагы маселелер боюнча сүйлөгөн сөзү аркылуу жада калса, ЕАЭБ да кыймылга келүүдө. “Тырмакчанын ичинде ЕАЭБ биздин аракеттерибиздин артынан кыймылга келген бюрократиялык уюм болуп калууда”, - дейт Э.Осмонбетов.

Эл аралык иштер боюнча эксперт белгилегендей, бардык түзүмдөр КМШ да, ЕАЭБ да Борбор Азия геосаясий кыймылга келгендиктен аракеттерди көрүп баштады. Мында Кыргызстан менен Өзбекстандын салымы зор. “”Биз каалайбызбы, жокпу, кымыл башталды”, - деп белгиледи ал.

Осмонбетов анда ары улай себептерин түшүндүрүп, бул түзүмдөрдүн баары бюрократиянын айынан тынч кыймылсыз отура беришет эле, бирок мындай терс потенциалды жок кылуу үчүн алар жаңы чакырыктарга жооп кайтарууга мажбур болгондуктан кыймылга келип башташты.

“Болбосо, мунун баары ушундай эле улана бермек”, - деп белгилейт саясат таануучу.

Муну менен бирге Кыргызстан БУУ, КМШ жана ЕАЭБ сыяктуу көптөгөн эл аралык түзүмдөрдү колдонот. Жана эң башкысы бул эки жактуу байланыштар. Мунун баарын эске алуу менен саясат таануучу Мирзиеевдин президенттиги учурундагы Өзбекстандын жетекчилигинин бул багыттагы кадамдары кыйла кызыктуу экенин көрсөтөт.

“Бир жыл мурда ӨР президенти Ш.Мирзиеев өзүнүн кайрылуусунда Борбор Азия аймагы боюнча коңшулары менен эки жактуу алакаларды жакшыртуу ага артыкчылыктуу болорун айткан. Мында аймактык өз ара пайдалуу кызматташуу. Жада калса Самаркандда “Борбор Азия: бир эски жана жалпы келечек, туруктуу өнүгүү жана өз ара пайдалуу өсүш үчүн кызматташуу” аттуу кызматташуу өткөн. Мына ушул маанилүү окуя, көрүп турганыбыздай, учурда болуп жатат”, - деди ал.

Э.Осмонбетов айткандай, Кыргызстан менен Өзбекстандын максаты – борбор азиялык аймакты туруктуу жана өнүккөн аймакка айландыруу. Ал эми буга жалпы карама-каршылыктарды жашыруусуз жетишүүгө мүмкүн эмес. “Бул аны чечүү үчүн керек. Ушул үчүн Өзбекстандын президенти Борбор Азия мамлекет башчыларынын аймактык консультациялык жолугушууларын уюштурууга өбөлгө боло турган аянтты түзүү жөнүндө кызыктуу идеясын сунуштады”, - деп эсептейт

Эксперттин айтымында, мындай зарылчылыктын бир нече себеби бар.

Биринчиден, ага Кыргызстан да, Өзбекстан да абдан муктаж. “Бул сезилүүдө жана бул чындык”, - деди ал.

Экинчиден, бул жалпы аймактык көйгөйлөрдү чечүүнүн биргелешкен жолдорун издөөгө шарт түзөт. Ага мамлекет башчыларынын талкууларысыз жетишүүгө мүмкүн эмес.

“Анткени биз дайыма тышкы арбитрлерди издеп жүрөбүз жана бизге бул маселелерде тышкы оюнчулар жардам бериши керек. Бирок бизге мунун кажети жок, мунун баарын биз өзүбүз эле чече алабыз. Себеби биз эгемен мамлекетпиз, тарыхыбыз, менталитетибиз бир жана көптөгөн маселелерге бирдей мамиле жасайбыз”, - деп белгилейт саясат таануучу.

Э.Осмонбетов бул сунушталып жаткан мамлекет башчылардын консультативдик жолугушуулары Борбор Азиянын жаңы эл аралык уюмунун мүнөзүнө ээ эместигин көрсөтөт.

Жаңы форматтын, анын айтымында, өз уставы жана мамлекетке караштуу органдары болбойт. “Көптөгөн өлкөлөр эгемендикти жоготуп алууга алып келе турган улуттук органдар түзүлөт, аймактык жана глобалдык үчүнчү өлкөлөр жетектейт деп коркушат. Мында эл аралык кызматташуу маселелери талкууланган аймактык аянт сунушталууда”, - деп эсептейт Э.Осмонбетов. Ал кандайдыр бир деңгээлде бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн жалпы күн тартибин түзүүнүн башатын көрсөтөрүн кошумчалады.

Дагы бир кызыктуу учур бул идеяга муктаждыктын бар экени, бирок өлкөлөрдүн ортосундагы чыңалууну чечүү керек. Осмонбетовдун айтымында, Кыргызстан менне Өзбекстандын президенттери бул потенциалды чыгарып, алар тарабынан аймактык аянт аркылуу чыныгы чечим сунушталууда.

Борбор Азиянын күн тартиби үчүн маанилүү дагы бир учур глобализация. “Дүйнө өз ара байланышта болгон учурда өлкөлөр биригүүгө аракеттенишет. Биздин тарыхыбыз жана менталитетибиз бир, баары жалпы. Кыргыз-өзбек мамилелери Борбор Азияны бирдиктүү аянтка бириктирүүнүн алгачкы кадамы. Андан кийин Тажикстан менен Түркмөнстан өздөрү эле кошулуп кетишет”,- деди саясат таануучу.

Биргеликте Борбор Азия аймагына глобалдуу дүйнөдө кыйла татыктуу орунду ээлеп, олуттуу иш жүргүзүүгө оңой болуп калат.

Өзбекстандын президентинин сунушуна карата эл аралык эксперт бул аймактар жана алардын жетекчилери, ишкерлер менен түз сүйлөшүү болорун айтат. “Келечекте жакшы натыйжа күтүлүүдө. Анткени чек аралык соода маселесинин чечилиши көптөгөн маселелерди жеринде чечүүнү шарттайт ”, - деп эсептейт саясат таануучу.

Эл аралык эксперттин айтымында, биздин убакта чек аралар транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү ачуу, достук мамилелери, соода жана экономиканы өнүктүрүү үчүн гана кызмат өтөйт. “Аны жаап коюп, кысым көрсөтүү үчүн кызмат өтөбөйт. Ошондуктан Борбор Азия аймагынын жетекчилеринин Ассоциациясы кызыктуу болот. Себеби ал аймактын туура байланыштарын түзүүнү шарттайт. Бул потениалды жакшыртууга өбөлгө болот”, - деди ал.

Осмонбетов Өзбекстандын башчысы келтирген маалыматтарга көңүл бурдурду: ага ылайык, 2017-жылы Өзбекстанда соода жүгүртүү орточо 20%, кээ бир мамлекеттер менен дээрлик 70% өскөн. Ошондой эле саясат таануучу Мирзиеевдин БУУнун маалыматы боюнча БА өлкөлөрүнүн таасирдүү кооперациясы түзүлсө, аймак 10 жылдан кийин аймактык ИДПсын 2 эсе жогорулата аларын айтты. Эксперттин айтымында, бул аймактын күчтүү потенциалын көрсөтүп турат.

“Мында башка бир кызыктуу жагдай бар. Ал өлкө жетекчилиги өлкөлөр жана аймактар ортосундагы достук мамилелерине кийлигишүүсү”, - деген эксперт Өзбекстандын башчысынын сөзү менен макул болду.

Эдил Осмонбетов аймактын өлкөлөрүнүн кызматташуусун жакшыртуу жана бириктирүү процессинде Өзбекстан алыска умтулуп, демилге сунуштоону ар бир БА өлкөсүнө койгонун айтат. “Бул сөзсүз түрдө Бишкек, Ташкент, Дүйшөнбү же Астана болушу керек эмес. Бул ийкемдүү формат келечекте аймактык кызматташуу потенциалын жөнгө салууга шарт түзөт”, - деп белгилейт саясат таануучу.

Бирок, Осмонбетов биз учурда кыргыз-өзбек мамилелери аркылуу Борбор Азиянын жаңы модели түзүлүп жатканын жана бул жаңы тренд экенин айтты. “Соңунда Өзбекстандын аймактык лидерлиги өсүп, БАнын локомотивине айланууда деген бүтүм чыгарууга болот. Казакстан болсо өз позициясын жоготууда”, - деп жыйынтыктады эл аралык иштер боюнча эксперт

Эрмек Абдрисаев,
“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий