Дени сак мал жана таза жайыт - Кыргызстандын социалдык-экономикалык туруктуулугунун кепилдиги

1949 кароо Аналитика 0

Жер – байлыктын жалгыз гана булагы, айыл чарбасы аны көбөйтүп гана турат

(Франсуа Кенэ, француз экономисти)

Кыргызстанда айыл чарбасы республиканын калкынын басымдуу бөлүгүн иш менен камсыздаган экономиканын платформасы болуп саналат. Айыл чарбасынын негизги тармактарынын бири - мал чарбачылыгы. Аны өнүктүрүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жайыт колдонуучулардын күч-аракеттерин жана каражаттарын бириктирүү зарыл. Алардын натыйжалуу иши жана өз ара аракеттеринен мал чарбачылыгынын абалы, жайыт тутумунун экологиялык баалуулугун сактоо, анын натыйжасында өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсү көз каранды болуп саналат.

Кыргызстан ЕАЭБ мүчөсү экенин эске алуу менен өлкөнүн алдында 175 млн адамдан ашык калктуу ири соода рыногу ачылып, мал чарбачылыгынын продукциясын экспорттоонун потенциалы көп эсе өстү. Бул мал чарбачылыгынын кирешелүүлүгүн жогорулатууга, азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга жана айыл жамааттарында социалдык туруктуулукту камсыздоого зор салым кошот. Буга байланыштуу жоопкер мамведостволордун жана элет коомчулугунун алдында бул тармакты өнүктүрүү боюнча таасирдүү чаралардын комплексин кабыл алуу жолу менен республикада туруктуу эпизоотикалык кырдаалды сактоо, айыл чарба малынын башкы азык булагы катары жайыт жерлерин сактоо милдети турат.

Кыргызстанда малдын жугуштуу ооруларынын жайылуусун КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы (Мамветинспекция) көзөмөлдөйт. Бүгүнкү күндө бул ведомствонун жетекчиси Калысбек Жумакановдун айтымында, республикадагы эпизоотикалык кырдаал алдын алуу чараларынын натыйжасында туруктуу. Аны менен бирге, ал белгилегендей, өкмөт каржылоону көбөйттү: эгерде буга чейин эпизоотикалык кырдаалды сактоого жыл сайын 61 млн сом бөлүнсө, 2017-жылы бул сумма 131 млн сомго жеткен.

Мамветинспекция: Республикадагы эпизоотикалык кырдаал жана эпизоотикалык каршы чараларды аткаруу тууралуу маалымдама:

Республиканын ветеринардык адистери тарабынан 2017-жылдын 6 айында 15060,5 миң баш мал текшерилген, анын ичинде диагностикалык изилдөөлөр (лабораториялыктан тышкары) 1161,2 миң, алдын ала эмдөө - 13205,0 миң, дегельминтазация жана башка дарылоо-алдын алуу текшерүүлөрү – 694,3 миң. Ошону менен бирге отчеттук мезгилде план 94%га аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ветеринардык-санитардык иш-чаралар 2540,4 миң башка көп жасалган.

Буга байланыштуу бүгүнкү күнү республикада өзгөчө кооптуу жугуштуу илдеттерге карата эпизоотикалык каршы чаралар ийгиликтүү жүргүзүлгөн.

АРИС “Мал чарбасын жана рыногун өнүктүрүү” долбоорунун ветеринария боюнча консультанты Алмаз Дунганов белгилегендей, Кыргызстанда акыркы 1,5-2 айда жугуштуу оорулардын күчөшү катталган эмес. Себеби, өкмөт бардык зарыл вакциналарды толук сатып алууда. Ошондой эле, мамлекет өткөрмө пункттарга, лабораторияларга көңүл буруп жатат. Мунун баары республикада мал чарбасынын өнүгүшүн камсыздайт.

Мамветинспекция өткөргөн чаралар тууралуу жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында айтып берүүдө Дунганов чаралар топтомунда малдын иммунитетин көтөрүп, жугуштуу ооруларга туруштук берүүдө алдын алуу вакциналары башкы орунда турат. “Вакцинация дайыма план боюнча, негизинен жайында жана күзүндө же илдеттин түрүнө жараша жылына бир жолу жүрөрүн белгилеп кетүү керек. Мамлекет сибир жарасы, кутурма, чечек, шарп жана башка ооруларга каршы вакциналарды акысыз бөлөт”, - деди ал.

Ошондой эле, анын айтымында, канды диагностикалык изилдөө, ар түрдүү ооруларды текшерүү план менен ишке ашырылат. Кайсы бир жерде ылаң күчөгөн шартта ага жакын аймактагы мал чарбачылыгынын имараттары дезинфекцияланат.

Дунгановдун айтымында, республикадагы ар бир райондо Мамветинспекция менен келишим түзүп, өзүнө берилген тилкеде малдын саламаттыгын көзөмөлдөгөн жеке ветеринар бар. Ал бардык фермерлерди жана алардын канча баш малы бар экенин билет. Дал ушул адис ар бир малды эмдеп, бул үчүн малдын ээсинен акы алууга милдеттүү. Мал тууралуу бардык маалыматтар (качан эмдөө жасалганы, кайсы оорудан, мал кайсы жайытка чыккан, ээси ким) ветеринарда жана айыл өкмөтүндө сакталышы керек.

Адис белгилегендей, жеке ветеринар жайыт комитети менен тыгыз кызматташат. “Жайыт комитети өз кезегинде ветеринарга акча иштеп табууга көмөк берет, анткени мамлекет ветдарыгерге эч нерсе төлөбөйт, кызматы үчүн малчылар төлөшөт. Ветеринар жайыт комитетине аймактагы эпизоотикалык абалдын туруктуулугун сактоого жардам берет”, - деп түшүндүрөт эксперт.

Дунганов жайыт комитеттеринин башкарууну дыкат жүргүзүп, жайыттардын абалын көзөмөлдөөдөгү ролун өзгөчө белгилейт. Себеби малдын саламаттыгы анын жеген азыгынан көз каранды. Жакшы багылган мал, жугуштуу ооруларга туруштук бере алат, ушундан улам: жайлуу жайыт – дени сак мал. Малдын башын өстүрүү - үй чарбаларынын кирешеси.

Статистика: Республиканын агрардык секторунда акыркы жылдары айыл чарбасында малдын санынын өсүшүндө туруктуу тенденция байкалууда. Айыл чарба, азык-түлүк өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча, 2016-жылы негизинен айыл чарбасында кой-эчкиден башка малдын саны өскөн. Ири мүйүздүү малдын өсүшү 2%, анын ичинде уйлар – 2%, топоз – 4%, жылкы – 21%.

Ошондой эле, мал чарбачылыгынын продукциясын өңдүрүү өстү. Айыл чарба министрлигинин отчетуна ылайык, 2017-жылдын 1-жарымында отчеттук мезгилде республиканын бардык категориялардагы чарбалык субъекттери тарабынан этке төгүлүүчү малдын салмагы 174,1 миң тоннага жеткирилген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,1 миң тоннага же 1,8%га көп.

Чоң-Кемин жайыт комитетинин башчысы Ильяс Калпаев белгилегендей, жайыт комитеттери ветеринарлар менен туруктуу жолугушууларды өткөрүп, малдын саламаттыгы маселесин карап, тиешелүү чараларды көрүп туруулары керек. Анын айтымында, алардын комитети мындай жолугушууларды жумасына 2 жолудан өткөрүп турат. Мында анын пикиринде, жайыт комитетттеринин башкы милдети малды ветеринар текшерип, дени сактыгы тууралуу маалымкат бергенге чейин жайытка чыгарбоо болуп саналат. Бул ылаңдаган малды башкаларга кошуп, оору жуктурууга жол бербөө, жайытка зыян келтирбөө максатында жасалат. Анткени, Калпаевдин айтымында, мал өлүп калса, бардык бактериялар топуракта калып, бул жер дени сак мал үчүн кооптуу болуп калат. Ошентип, жайыттын абалынан айыл чарбасында малдын саламаттыгы көз каранды болуп эсептелет.

Ильяс Калпаев жайыт комитеттери ветеринарлар менен бирге туруктуу негизде малчылар менен жолугушууларды өткөрүп, малдын жугуштуу илдеттери, вакцинациянын зарылдыгы тууралуу маалымдап, түшүндүрүп жана алдын алып тууралары керектигин белгилейт. “Мындай түшүндүрүү жолугушууларынан кийин малчылар бул чаралардын зарылдыгын түшүнүп калышат. Себеби малдын массалык кырылып калышына жол бербей, ооруну алдын алуу жакшы”, - деп түшүндүрөт ал.

Ошентип, биз мамлекеттик органдар менен жайыт колдонуучулардын биргелешкен аракеттери аркылуу жайыттарды башкарууну жакшыртуу жана республиканын мал чарбасын өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлөт. Бул болсо, өз кезегинде Кыргызстандын социалдык-экономикалык туруктуулугунун кепилдиги.

Назгүл Нурманбетова

Пикир

Оставить комментарий