“Кабар” МАБ: Эмне үчүн апрель революциясын эстен чыгарбоо керек

755 кароо Аналитика 0

Кыргызстанда биринчи революция 2005-жылы 24-мартта өткөн. Бирок бийликтин үй-бүлөлүк кландык башкаруусунан арылуу максатына жеткен эмес. Бул калктын нааразычылыгы жаңы дем менен күч алып, бийликтин аракеттеринен улам тутанып 5 жылдан кийин 2010-жылы 7-апрелде жаңы революциянын болушуна түрткү берди.

Алгачкы башаламандыктар 6-апрелде Таласта башталды. Алды менен оппозиция облустук администрациянын имаратын, андан соң ошол кездеги тышкы иштер министри Молдомуса Конгантиев баштаган облустук ИИБ имаратын басып алган.

Ошол эле учурда жер-жерлерде митингдер чыга баштаган. Бишкекте оппозиция Форумдун имаратынын жанына чогулган. Дал ушул жерге бийлик демонстранттарга каршы куралдуу милицияны таштаган. Бирок оппозиция милиционерлерди куралсыздандырып, митингчилер “Ала-Тоо” аянтына жана Ак Үйгө бет алышат. Бул митинг ошол кездеги оппозиция лидери Алмазбек Атамбаевдин кармалышы менен көтөрүлгөн.

Ак үйдүн жанындагы кагылышта аскерлер жана милиция демонстранттарды кубалап кетире албаган соң, ок чыгарган. Бирок, буга карабастан, адамдар Ак үйгө жабылышып, эртең менен митингчилер басып алышкан. Ок чыгаруунун натыйжасында жүздөй адам набыт болуп, бир жарым миңге жакыны жаракат алышкан. Ак үйдүн жана айланадагы имараттардын чатырынан снайперлердин ок чыгарганы тууралуу маалыматтар чыккан.

“Кабарга” Кыргызстан элдик кошуундар бирикмесинин жетекчиси Алга Кылычев айткандай, 7-апрель Элдик революцияны эстен чыгарбоо керек. Анын айтымында, бул күнү аянтта жана Ата-Бейит мемориалдык комплексинде курман болгондордун мемориалына гүл коюлуп, эскерүү өтөт.

“Убакыт дарылайт деп коюшат. Бирок, экинчи жагы бар. Биз бул күндү унутпашыбыз керек. Менимче, революциянын максаттары 50% гана ишке ашырылды жана алдыда жасала турган иштер көп. Кыргызстан үчүн бул ыйык күн. Анткени биз демократия, сөз эркиндиги жана акыйкат бийлик үчүн жүздөй жаш жарандарыбыздан айрылдык”, - деп билдирди Кылычев.

Активист 7-апрелдеги революция 2002-жылдагы Аксы окуясынын уландысы экенин, анткени 24-марттагы революция өз максаттарына жетпей калганын эскертти.

“24-марттагы революцияны жасап жатып биз Акаев деген фамилияны Бакиевге гана алмаштырарыбызды билген эмес экенбиз. Бакиев Акаевден 10 эсе начар чыкты. Ал коррупционер гана болбостон, өлтүргүч болуп, криминалдык мамлекетти түзүп жатты. Медет САдыркулов, Павлюктун жана ёбашка адамдардын өлүмү, ошондой эле 27 жолу бычак сайылган журналист Сыргак Абдылдаевди өлтүрүү аракети – мунун баары Бакиевдердин жасаганы. 24-марттагы революция өз максаттарына жеткен жок жана биз аны 7-апрелде жыйынтыктадык. Бул уландысы болду. Кандайдыр бир деңгээлде бул сабак да болду. Мисалы, 7-апрелге чейин бардык президенттер бир гана мөөнөткө убада кылып келишкен. Бирок, ажыдаарга айланып алышып, оз кландарынын кызыкчылыгы үчүн гана иштешет. Анткен менен 7-апрелден кийин Атамбаев системаны өзгөртүп, үлгү боло алды. Ал конституцияда бир жолку президенттик мөөнөттү бекитип, бийликти Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берди. Эң башкысы бийлик тынчтык жолу менен өткөрүлдү”, - деп белгиледи Кылычев.

Анын айтымында, бийлик жана эл 7-апрелдеги революцияны жана анын кандай баа менен келгенин унутпашыбыз керек. Анткени эгерде сабак албасаң, тарыхтын кайталануу өзгөчөлүгү бар.

“Эгерде бийлик 7-апрелдеги революцияны эстен чыгарып коюшса, мунун кесепети начар болуп кайталанышы мүмкүн. Буга чейин конституция бир адамга, президентке иштеп келген. Атамбаев кийинки президенттер үй-бүлөлүк кландык башкаруу түзө албашы үчүн жакшы иштерди аткарды. Биринчиден, президент бир гана мөөнөткө келет, башкысы, эгерде президент бийликте эки мөөнөткө калууну кааласа, адамдар түшүнбөйт. Мындан тышкары, учурда бийлик үч багытта тең салмакты кармап турат. Мурда президенттин бийлиги көп болгон, ал эми азыр конституция боюнча өкмөт экономикалык бөлүктө көп мүмкүнчүлүктөргө ээ, учурда бийлик көбүрөөк парламенттик. Биз бул багытта көп иштешибиз зарыл”, - деп кошумчалады активист.

Кылычев эгерде бийлик конституциянын чегинде иштесе, Кыргызстан 7-апрелдеги революциянын максаттарына жетише алат деп эсептейт. “Мында баары так жазылган. Мурдагыдай эле биздин иштерибизге башка мамлекеттер кийлигише алышпайт”, - деди Кылычев.

Өз кезегинде коомдук ишмер Жыпар Жекшеев 7-апрель Кыргызстандын жаңы тарыхындагы маанилүү күн катары каларын белгиледи. “7-апрелде эл көтөрүлдү. Бул бийликтин аракеттеринен келип чыкты, алар оппозиция лидерлерин камакка алып башташкан эле. Бул коомчулукту козгоду, бир дагы ойлонулган план болгон эмес, болгону эл жана жаштар аянтка чыга башташты. Себеби алар бул репрессиялардын башталышы болушу мүмкүн экенин түшүнүштү. Эл өзүнүн укугу үчүн чыгып, күрөшүп, Бакиевди туугандары менен кошуп кууп чыкты. Биз 7-апрелди Кыргызстандын жаңы тарыхындагы маанилүү окуя катары эстен чыгарбай, аны жалпы улуттук майрам катары белгилешибиз керек”,- деп билдирди Жекшеев.

Коомдук ишмердин пикиринде, 7-апрелди кыргызстандыктар майрам катары белгилеши зарыл, себеби бул күнү үй-бүлөлүк кландык башкаруудан кутулуп, коррупция менен күрөш жана өнүгүү жолуна түшүүгө жетиштик.

“Дал ушул апрель революциясынан кийин Кыргызстанда коррупция менен күрөш, үй-бүлөлүк кландык башкарууну жоюу аракеттери башталды. Биз бийликтин тен салмактуулугуна жетишип, бийликтин монополиясынан арылдык, сөз эркиндигине жетиштик, бардык нерседе атаандаштык. Ошондуктан биз 7-апрелди жалпы элдик майрам катары бекитишибиз кажет”,-деп жыйынтыктады Жекшеев.

7-апрелдеги революция болбосо, эмне болмок эле айтуу кыйын. Бирок бул окуя тарыхта сабак катары калат. Тарыхый окуяларды, алардын себептерин жана жыйынтыктарын эстеп жүрүү абдан маанилүү.

Мирлан Киизбаев
Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий