“Кабар” МАБ: Кыргызстандагы шайлоо: талапкерлердин биригүүсүнөн пайда барбы

1940 кароо Аналитика 0

Кыргызстанда 15-октябрда КР Президентин шайлоо өтөт. Учурда өлкөдөгү башкы кызматка 12 адамдын талапкерлиги көрсөтүлдү. Эксперттердин байкоолору боюнча, шайлоо компаниясынын эки башкы фаворити аныкталып, мамлекет башчысынын кызматы үчүн экөөнүн ортосунда негизги күрөш өтмөкчү.

Буга байланыштуу, акыркы бир нече жумада негизги оюнчулардын айланасында биригүүлөрдү байкоого болот. Бул өңүттөн алганда, калкта – бул биригүүлөр шайлоо жыйынтыгына кандай таасир бере алат жана алар талапкерлер үчүн чечүүчү болгон артыкчылыктарды бере алабы деген суроо пайда болот.

Учурдагы кырдаал

Парламенттик башкаруучу коалициядагы негизги партиянын талапкери Сооронбай Жээнбековго “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев жана “Бир бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов, ошондой эле “Кыргызстан”, “Замандаш” партияларынын жана башка парламенттик фракциялардын мүчөлөрү кошулуп кетишти. Өз кезегинде С.Жээнбековго Кырызстандын айрым дин ишмерлери, көптөгөн саясатчылар, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, маданий ишмерлер, спортчулар, эксперттер жана белгилүү ишкерлер колдоо көрсөтүштү.

Өмүрбек Бабановдун тарабына “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев, ошондой эле кечээ жакында эле “Ата Мекен” партиясынын өкүлү Алманбет Шыкмаматов өтүп кетти. Буга чейин Канат Исаев менен Адахан Мадумаров колдоолорун көрсөтүштү. Бирок, учурда бул эки талапкердин колдоосу анык эмес болууда. Ө.Бабанов да айрым дин чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн колдоосуна ээ боло алды. Кыргызстанда президенттин кызматы үчүн күрөшкөн дагы бир талапкер - Темир Сариев, бирок ал биригүүлөрдөн тышкары, үгүт ишин өз алдынча жүргүзүүдө. Талапкердин штабында ажырым пацда болуп - штабдын жетекчиси Эльмира Ибраимова талапкер менен келишпестигин билдирип, кетип калды. Аны менен бирге шайлоо алдында талапкерге кошулуп, анын тышкы саясаттагы принципиалдуулугуна ишенген бир нече ишмерлер ага келишпестик билдиришти.


Ө.Бабановдун медиа мейкиндигинде басымдуулук кылганына карабастан, аймактарда электорат менен жолугушуулары С.Жээнбековдун белгилүүлүгү жана аны колдоо төмөн эмес экенин, айрым жерлерде жогору да экенин көрсөтүүдө. Ошондуктан үгүт иштерине жумшалган каржаттар маселеси талапкердин артыкчылык көрсөткүчү катары боло албайт.

19-сентябрга карата Ө.Бабанов 138,2 млн сомдон 124,1 млн сом сарптаган. Экинчи орундагы С.Жээнбеков 45,6 млн сомдон 46,3 млн сом жумшаган. Т.Сариев 31,5 млн сомдон 25,6 млн сомун иштетүүгө жетишкен.

Биригүүлөрдүн келечеги

Саясат таануучу Денис Бердаков Бабанов үчүн Төрөбаевдин электораттык базасын болжол менен 45 миң добуш деп баалайт. Ошол эле учурда саясат таануучу бул добуштар түштүктүк талапкер үчүн экенин белгилейт. “Алар Бабановду колдошоору факт эмес. Мындай шартта бул биригүү көп болгондо 15 миң добуш алып келет. Ал эми жеңиш үчүн 900 миң керек!”, - деп эсептейт саясат таануучу.

Эгерде Ө.Бабановдун өлкө боюнча парламенттик шайлоодогу иштерин, ошондой эл, ага добуш бергендердин санын өстүрүүнү эске алсак, анда президенттикке талапкер өлкө боюнча тиешелүү 900 миң добушту алышы кыйын. Бул аны өлкө калкынын активдүү бөлүгү колдогонуна карабастан.

2017-жылдын 20-сентябрына карата Кыргызстанда шайлоочулардын 2 млн 973 миң 525 адамды түзөт. 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо катталган жана биометрикалык маалыматтарын тапшырган 2 млн 761 миң 297 адамдан 1,5 млн шайлоочунун гана же 42,5% катышуусун эске алсак, анда бул шайлоодо да шайлоочулардын саны болжол менен ушундай болорун күтүүгө болот. Анын үстүнө шайлоочулардын баары эле маалыматтарын жаңылантышкан жок, бул шайлоого дагы жарым миллион адамдын катышпай турганын билдирет.

Бердаковдун пикиринде, С.Жээнбеков үчүн “Кыргызстан” партиясынын электоратынын колдоосу менен добуштардын саны өсүшү мүмкүн. Бул колдоо С.Жээнбековго негизги атаандаш Төрөбаев-Бабанов тандеминен кыйла жогору болушу мүмкүн. “Бул КСДП партиясынын каржылык жана электораттык ресурстарын эске алуу менен”, -дейт Бердаков.

Буга кошумча, С.Жээнбековду колдоого эми өлкөнүн көрүнүктүү дин ишмерлеринин биринин тарапташтарынын өтүшүн белгилөөгө болот. Мындай шартта, анын пайдасына берилүүчү добуштардын санынын өсүшү мүмкүн. Буга бир шарт өбөлгө түзөт: акыркы жылдары өлкөдө лидерлеринин чакырыктарын улаган динге ишенгендердин саны өстү. Жалпысынан Кыргызстанда мусулмандар өлкө калкынын төрттөн үч бөлүгүнөн ашыгын түзөт.

Мындан тышкары, өткөн парламенттик шайлоодо республика боюнча 8,5% добуш алган “Бир бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун колдоосу бийликтин партиясынын талапкеринин пайдасына өз пайызын алып келет. Ошону менен бирге А.Сулаймановдун Россиянын шаарларында жана республиканын түштүгүндө иштеген “Жаш Күч” спорттук клубу бар экени белгилүү. Партия Кыргызстандын түштүгүндө жакшы колдоого ээ. Жыйынтыгында С.Жээнбеков чындыгында добуш берүүнүн биринчи турунда керектүү сандагы добуштарга ээ болушу мүмкүн.

Натыйжада, учурда президенттикке талапкерлердин биригиши белгилүү бир жемиштерин берүүдө жана ал эми анын шайлоонун жыйынтыгына тийгизген таасири добуш берүү күнүнөн кийин белгилүү болот. Анткен менен, биригүүлөрдүн жыйынтыгында ММКларда айрым президенттикке талапкерлер тарабынан өлкөнүн аймактарында добуштарды сатып алуу жөнүндө маалыматтар чыгууда. Бул таза жана айкын шайлоолордун өтүшүнө олуттуу тоскоолдук болуп саналат. Ушундан улам, ийгиликтүү бирикмелердин таасиринде добуштарды сатып алуу фактору өлкөнүн президентин шайлоодо олуттуу таасир бериши мүмкүн. Өлкө бийлиги башкы талапкерлердин кадамдарына тынчсызданууларды билдирип, аларды жоюуга тиешелүү чараларды көрүшүүдө, талапкерлерди жана алардын командаларын чынчыл, ачык болууга чакырууда. Бул шайлоо алдындагы кампанияны жогорку маданияттуулукта өткөрүүдө өзгөчө маанилүү. Бирок, алдыдагы шайлоонун баасы кандай шартта болбосун, бардык мүмкүн болгон ыкмаларды колдонуу, шайлоодон кийин мааниси жок биригүүлөр аркылуу шайлоо кампаниясынын жүрүшүнө таасирин тийгизет. Айрымдардын бийликке келген соң тигил же бул кызматка дайындоо убадалары учурдагы Конституцияга ылайык таптакыр ишке ашпайт. Кээ бир талапкерлер мыйзам чыгаруучу болуп туруп, ушуну түшүнбөгөнү же өздөрүн алдап жатканы таң калтырат. Ал эми шайлоочуларга өлкөдөгү кырдаалды түздөө жаңы президенттин бүтүндөй мөөнөтүндө мүмкүн эместиги түшүнүктүү. Дүйнөнүн өнүккөн он өлкөсүнүн катарына кирүүнү айтпай эле коеюн. Ошондуктан, буга чейинки бардык деңгээлдеги шайлоолордогудай эле, талапкерлердин убадаларына ишенүүгө болбойт. Айрыкча, талапкерлердин биригүүсү, альянс, тандемдер сыяктуу жана башка электоратты тартуу аракеттерине азгырылбоо керек.

Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий