“Кабар” МАБ: Негизги талапкерлер аныкталды

3789 кароо Аналитика 0

КСДП саясий кеңеши 15-октябрга болжолдонуп жаткан президенттик шайлоолорго партиянын атынан Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жактырды. С.Жээнбеков КР Өкмөтүнүн башчысы катары коомдо терс реакция жаратпастан, жеке популизм менен алектенбестен, саясий упай топтоого жетишкендиги менен анын талапкерлиги партияга туура келет. Ал ар кандай табигый жана башка катаклизмдерге карабастан, министрлер кабинетинин туруктуу ишине жетишти. Партиянын башка да белгилүү өкүлдөрүнүн ичинен анын талапкерлигин көрсөтүүгө бир катар себептер бар. Бирок анын пайдасына биринчи кезекте жогорку кызматтардагы губернатордон министрге, парламенттин депутатынан премьер-министрликке чейинки тажрыйбасы таасир берди. Ошону менен бирге ал көпчүлүк белгилүү саясатчылар сыяктуу аймактык бөлүп-жаруу процесстерине катыштыгы жок болуп чыкты. Дагы бир маанилүү роль ойногон жагдай – азыркы мамлекет башчысы менен анын эски достук мамилелери болуп саналат.

Башкаруучу партия шайлоого катышуучу талапкери ким боло тургандыгын көптөн бери чече албай жаткандыгы тууралуу пикирлер коомдо эбак эле пайда болгон. Бул талапкер ким болсо да, азыркы бийликке, анын ичинде мамлекет башчыга жагышы керектиги эч кимге деле жашыруун эмес. Ички партиялык электен өтүп, шайлоолорго катышууга даярданып жаткан талапкерлер биринин артынан бири четтеп жатышты. Биринчи болуп парламенттеги фракция лидери Иса Өмүркулов чыкты. Бирок, анын Кыргызстанда бийликтин экинчи адамы болууга мүмкүндүгү бар. Эгерде ал коалициялык көпчүлүктүн колдоосуна ээ болсо, анда президенттик шайлоодон соң, премьер-министрликке көрсөтүлүшү мүмкүн. Андан кийин Бишкек мэри Албек Ибраимов жана КР Президентинин Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаковдун талапкерлиги четтеди. Бул эки саясатчы жогорку саясатка салыштырмалуу жакында эле аралашышты. Эгерде борбор калаанын иштерин ийгиликтүү аткарып, кийинки президенттин учурунда деле ордунда кала бергидей болсо, тобокелдикке баруунун кажети барбы? Экинчиси, жаш курагына карабастан, келечектүү саясатчы катары саналат. Бирок, ал мамлекетти жетектөө үчүн дагы бир катар жогорку кызматтык тепкичтерден өтүшү керек. Ошондуктан, баары алдыда экендигин ал жакшы түшүнөт. КСДПдагы дагы бир белгилүү саясий фигура Аалы Карашев талапкерлигин койсо болмок, бирок ал парламенттеги активдүүлүгүнө карабастан, башка талапкерлердин арасында тажрыйбасы жана коомго таасири жагынан жетпестигин түшүнүп, аракет кылган жок. Мүмкүн болгон талапкерлердин тизмесинен парламенттин төрагасы Чыныбай Турсунбеков да сызылды. Бирок, бардык бийлик бутактарында конфигурациянын өзгөрүшүн эске алганда, ал азыркы ордунан президенттик шайлоолор жарыяланган соң, кетүүгө мажбур болушу мүмкүн. Анда Ч.Турсунбеков шайлоого көз карандысыз талапкер катары катышуусу толук ыктымал.

Мындай олуттуу электен С.Жээнбеков гана өтө алды. Бул анын учурда партиянын активинин арасында кыйла даяр жана татыктуу талапкер экендигин дагы бир ирет далилдейт. Аны менен бирге ал түштүктүн өкүлү экендиги да чечим кабыл алууда маанилүү роль ойноду.

Ал арада мурдатан белгиленген шайлоо күнү алмаштырылышы керек. Парламент президенттик шайлоолорду 15-октябрга – октябрдын үчүнчү жекшембисине белгилөө чечимин кабыл алышы күтүлүүдө. Бул күн КР Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан 2017-жылдын 17-майында экинчи окууда бир нече жолку негиздөөлөрдөн жана оңой эмес талкуулардан кийин жактырылган. Эми парламентте үчүнчү окуудан өткөрүү калды. Ошондой эле, депутаттар президенттикке талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсүн 100 миң сомдон 1 млн сомго чейин көбөйтүү үчүн добуш беришкен. Бул талапкерлердин санына кандай таасир берет айтуу кыйын, бирок, шайлоодо күрөшүп, көп добуш топтой ала турган талапкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн жана укуктарын жасалма жолуна бөгөт болуу дегенге чейинки ар кандай талкууларды жаратууда.

Алдыңкы партиялар буга чейин бир нече ай мурда эле президенттикке талапкерлерин аныктап алышкан. “Республика” партиясы негиздөөчүсү жана лидери Өмүрбек Бабановду, “Өнүгүү-Прогресс” – Бакыт Төрөбаевди, “Ата Мекен” кандын каарына калган Өмүрбек Текебаевди көрсөткөн. Кыргызстандын президенти кызматы үчүн күрөшүү каалоосун мурдагы КР премьер-министри, “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев билдирген. Ошондой эле, кыйла белгилүү, бирок шайлоого таасир бере албай турган бир катар башка саясатчылар да катышуусу мүмкүн.

Анткен менен өткөн парламенттик шайлоодо киргизилген биометрикалык маалыматтар боюнча добуш берүүнүн жаңы тутуму шайлоонун жыйынтыктарына таасирин тийгизет жана талапкерлердин чыныгы жыйынтыктарына таасир берери актуалдуу болуп турат.

Өткөн жылдагы конституциялык референдум жана жергиликтүү кеңешке шайлоолор салыштырмалуу тынч өттү. Байкоочулар жана эксперттер жаңы технологиялар – шайлоочулардын биометрикалык маалыматтары жана добуштарды автоматтык түрдө эсептөө, добуш берүү жыйынтыктарынын объективдүү маалыматтарын алууну камсыздап, шайлоочулардын шайлоолорго ишенимин арттырды.

Кыргызстан жаңы шайлоо тутумуна 2015-жылы КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо биометрикалык маалыматтар колдонулганда өттү.

Бул жалпы шайлоо процессинин айкындуулугун гана жогорулатпастан, Кыргызстанда мурдагы шайлоолордо болуп көрбөгөн болжоп болбогондой шайлоо жыйынтыктарына жетишүүнү шарттайт.

Акча, сатып алуу жана жаңы тутум

Албетте “салынган каражаттар максатты актайт” принциби али алынып салына элек. Бирок жаңы шайлоо тутумунун шарттарында ал мындан ары таяныч боло албайт. Себеби, калктын ой жүгүртүүсү кыйла өзгөрдү жана талапкерден сапаттуу жыйынтыктарды талап кылуу басымдуулук кылууда. Мындан тышкары өкмөттүн тез-тезден алмашып туруусу жана мамлекет башчыны тандоонун эки жолку ийгиликсиз тажрыйбасы калктын болочок президент тууралуу кабыл алууларына өз тагын калтырды.

Республиканын калкынын көп бөлүгү реформалардын зарылдыгын курч кабыл алат жана шайлоолордо сөзү менен гана эмес, чыныгы иштери менен ишеним туудурган, өзүн электоратка татыктуу тарабынан көрсөткөн күчтөр үчүн добуш беришет. Бул өңүттөн алганда, каржы маселеси натыйжага таасир берүүчү маанилүү фактор экендигине карабастан, экинчи планда калат. Бирок, бул үчүн шайлоо күнүнө чейин күрөшүү зарыл, бул добуштарды сатып алууну азайтат.

Өткөн 6 жылда Кыргызстанда абал кыйла турукташты. Саясий пикир келишпестиктер боюнча көчө күрөштөрү эскиде калып, саясий оппоненттердин ортосундагы каршылыктар үчүн коомдук чыңалуу төмөндөп, коомдук турмуш турукташып, мамлекет дагы кыйла ишенимдүү кадам менен экономикалык өнүгүү үчүн шарттарды түзүп баштады. Талапкерлердин каржы тарабы, шайлоолордо аныктоочу факторлордун бири бойдон калганы менен эң башкысы боло албай келет. Балким, добуш үчүн күрөштө талапкерлердин жаңы шайлоо технологияларын колдонуулары чоң чыгымдарды талап кылат, бирок, баштагыдай шайлоочуларга түздөн-түз таасир бере албайт.

2005-жылдагы революциядан кийин жана 2010-жылга чейинки мезгил бою өлкө жалпысынан туруктуу жана алга өнүгүүгө өтүү мүмкүндүгүн алды. Мындан улам талапкерлердин каржылык абалы бардык шайлоолордо тарапташтар маселесин жана кошумча добуштарды тартууну чечүүгө шарт түздү. Азыркы бийлик акча факторунун шайлоолорго таасирин төмөндөтүүгө бардык аракеттерди жумшады. Ага кошумча – болушунча ачык жана жогорку ыкчамдыкка жетишүүгө умтулду. Шайлоо участокторунда добуштарды эсептөө эсептегич кутулар тарабынан автоматтык түрдө эсептелет жана алар эми колго эсептөө жыйынтыктары менен дал келиши керек. Бул жыйынтыктар дал келгенде гана жыйынтык расмий таанылууга тийиш.

Алдыдагы шайлоолордо, баштагыдай эле олуттуу каржы каражаттары бар талапкерлер катышат.

Алсак, Ө.Бабанов өлкөдөгү мультимиллионерлердин бири катары белгилүү. Анын үстүнө ал өз өлкөсү экономиканын өнүгүшү үчүн каражаттарга муктаж болуп турганда, Россиянын экономикасына инвестиция салгандыгы менен белгилүү. Шайлоодо чыгымдарды жумшоого даяр турган Т.Сариев жана Б.Төрөбаев да каражаттуу, болбосо алар өз амбициялары тууралуу жарыялашмак эмес.

Кечээ жакында өткөн жергиликтүү кеңешке шайлоолордо Бабанов менен Төрөбаевдин партиялары аз эмес каражаттарды жумшашты. Бирок, бардык эле шаардык жана жергиликтүү кеңештерде алдыңкы орундарды ээлей алышкан жок. Парламенттик шайлоолордо эки саясатчынын партиялары ушундай эле олуттуу каражат жумшап, бирок анда да бийликтин партиясынан кыйла артта калып келди. Анткен менен алар потенциалдуу тарапташтарга таасир берип, ошондой эле, өз катарларына акыркы он жылдыкта саясий мейкиндиктен кетпеген Социал-демократтардан же “Ата Мекенден” жана “Ар-Намыс” партиясынан кеткен кошумча добуштарды тарта алышты.

Мурдагы премьер Т.Сариевдин партиясы шайлоолорго катышкан эмес жана бүгүнкү күндө каражаттуу адамдары көп эмес. Бирок, мурдагы премьер катары Сариев шайлоодо бекем электоратка ээ болууга аракет кылууда.

Төрөбаевдин шансы жок эмес. Бирок, өлкөнүн түштүгүндөгү жакшы ресурстарына карабастан, ийгиликке жетиши күмөн. Анын шайлоого катышуу ниетин, кийинки шайлоолорго сынамык кадам катары кабылдоого болот. Бардык талапкерлер шайлоо процессинин жаңы тутумуна басым жасашууда. Алар аны өздөрү үчүн пайдалуу деңгээлде колдонууга ниеттенишүүдө. Азыртадан эле Боршайкомго добуш берүү жана жыйынтыктарын эсептөө процессин көзөмөлдөөгө багытталган сунуштар түшүп жатат. Айрым талапкерлер өлкө боюнча аймактык, жада калса баштапкы шайлоо тилкелеринде ишти көзөмөлдөө топторун – БШК дубликатын түзүүлөрү мүмкүндүгү тууралуу сөздөр айтылууда. Эгерде участок комиссияларынын ишине орой кийлигишүү болбосо, буга мыйзам тарабынан тыюу салынбайт.

Анткен менен көптөрдү азыркы премьердин өлкөнү башкаруу жөндөмдүүлүктөрү маселеси тынчсыздандырат. Себеби, Өкмөт башчысы кызматында анын бардык потенциалы ачылып берилген жок. Муну ага чейин иштеген, ал эми учурда президенттикке талапкерлер колдонуп кетишүүдө. Анткен менен коомчулуктун кеңири бөлүгү С.Жээнбеков тууралуу оң пикирде жана анын президенттик жарышка катышуусуна кандайдыр бир тоскоолдуктарды көрүшпөйт.

Жаңы тутумдун ролун түшүнүү

Шайлоолордо жаңы технологияларды колдонуу менен акырындап калктын шайлоо процессине болгон ишеними кайтып баштады. Биометрикалык маалыматтарды колдонуу аркылуу бир адам бир гана жолу добуш бере алат. КР Боршайком дал ушуга басым коюп жатат.

“Биз баарыбыз убакыттын чыныгы жүрүшүндө добуш берүү процессин көрдүк. Ошондой эле, АЭК ар кандай түрдөгү шайлоо жыйынтыгына таасир берүү аракеттерин жокко чыгарды. Жада калса, эл аралык байкоочулар бардыгы канчалык уюшкандыкта, ыкчам жана ачык өткөндүктөрүнө таң калышты. Алардын көпчүлүгү жаңы технологиянын жана операторлордун ишине терең кызыгуу көрсөтүшүп, канааттанып калышты. Айрым байкоочулар, Кыргызстандын мисалында өз өлкөлөрүндө АЭК сөзсүз түрдө колдоно тургандыктарын белгилешти”, - дейт коомдук ишмер Э.Өмүралиев.

БШК маалыматтары боюнча, шайлоочулардын добушун автоматтык түрдө эсептөөчү заманбап тутум шайлоолордун анык жыйынтыктарын камсыздайт.

“Тутум абсолюттук түрдө контактсыз иштейт, ошондуктан жер-жерлердеги АЭКдан алынган бардык жыйынтыктардын калыс жана анык жыйнагын камсыздайт”, - деп түшүндүрдү БШК башчысы Н.Шайлдабекова.

Өткөн референдумда, жергиликтүү кеңештерге жана парламенттик шайлоолордо аныкталган жаңы шайлоо тутумундагы кемчиликтерди четтетүү үчүн Мамкаттоо кызматы жана КР БШК аткарган иштерди да эске алуу керек. Саясий күчтөрдүн шайлоолордун расмий жыйынтыктары менен чыныгы берилген добуштардын тууралыгына кепилдик берген сунуштарга БШК жообу кезекте турат. Алардын бири шайлоо күнү жана шайлоолордун жыйынтыктарын расмий чыгарууда БШК серверинин ишине коомдук көзөмөлдү уюштуруу болуп саналат. Азырынча мындай сунуш кагаз бетинде гана калууда.

Ошентип, добуш берүүнүн жаңы тутуму октябрга мерчемделип жаткан президенттик шайлоолорго олуттуу таасирин тийгизет деп айтууга болот. Бул дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстан чындыгында демократиялык нукта бара жатканынын жана демократияны куруу принциптерин кармана тургандыгынын кезектеги далили болуп саналат.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий