Кино тармагында эмгектенген айымдар эркек мүнөздүү болушу керек - Асел Жураева

1528 кароо ТАГДЫР 0

Асел Жураева – таланттуу жаш айым режиссер. Өзүнүн жаш экендигине карабай, көркөм жана даректүү тасмаларды тартып, өзүнүн көрүүчүлөрүн кубантып келет. Жураева тарткан тасмалардын бардыгы чет жакта эл аралык кино фестивалдарга катышып, эң башкысы көрүүчүлөрдүн, калыстар тобунун купулуна толуп, эң алдыңкы байгелүү орундарды багындырып келет.

Режиссер айым, “Азия чыгармачыл айымдар” фондунун тең төрагасы Асел Жураева “Кабар” агенттигине маек куруп, өзү тарткан тасмалар жана алдыда өтө турган “Кыргыз айым режиссерлордун” форуму тууралуу айтып берди.

- Асел айым, алгач жакында өтө турган форум тууралуу айтып берсеңиз. Билишибизче быйыл экинчи ирээт өткөрүлүп жатат.

-Ооба, быйыл Кыргызстандагы режиссер айымдардын экинчи форумун өткөргөнү жатабыз. Былтыр 2016-жылдын 17-декабрында “Азия чыгармачыл айымдар” фонду Кыргызстанда биринчи ирет айым режиссерлорду колдоп, башын бириктирүү максатында “Кыргыз айым-режиссерлорунун биринчи кино форуму” аталышындагы форум өткөргөн.

“Азия чыгармачыл айымдар” фонду бар. Ал фондду Айгерим Бирназарова экөөбүз түзгөнбүз. Ошондо бизге ушундай өңүттөгү форум өткөрүү идеясы келген. Форумдун башкы максаты - биздин Кыргызстандагы режиссерлорду таанытуу жана аларды колдоо. Себеби кыргыз айым режиссерлору бар экендигин элибиз көп билбейт. Ошондуктан, биз форум аркылуу аларды таанытып, тасмада көтөрүлгөн маселелерди талкуулаганга аракет кылабыз. Иш-чаранын алкагында даректүү жана көркөм тасмалар көрсөтүлөт. Бул ирээт да мыкты деген тасмаларды тандап алып, элге тартуулайлы деп жатабыз. Анткени, кыска метраждуу тасмалар прокатка да чыгарылбайт, ал форумга келип көрүп кетүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Быйылкысы бир аз башкача форматта өтөт. Форум 2 күнгө созулуп, чыгармачыл чөйрөдөгү инсандар келип, тасмалар тууралуу өз пикирлерин айтып кетишет. Чет мамлекеттен да атайын конок чакырылган, азырынча ким экендигин айтпай эле турайын. Ал коногубуз да өзүнүн тарткан тасмасын көрүүчүлөргө тартууламакчы.

- Эмне үчүн жалаң гана айым режиссерлордун тасмаларын көрсөтүп, аларды элге таанытууну чечтиңиздер?

- Негизи башында “Азия чыгармачыл айымдар” фондун ачканда башкы максатыбыз – Кыргызстандагы жана Азиядагы айымдарга колдоо көрсөтүү болгон. Себеби, бизде аялдар турмушка чыгып, бала багып үйдө отуруш керек деген ой калыптанып калган. Бизде көп таланттуу айымдарыбыз бар. Биз аларга ар дайым жардам берүүгө даярбыз. Техникалык, моралдык жактан. Эгерде сценарий жазып жаткан болсо, ар дайым жаңы идеяларды айтууга даярбыз. Айым режиссерлордун тарткан тасмасын көргөн өзүнчө башкача. Кудайым буюрса, алдыда дагы айымдарды колдоо максатында көптөгөн иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатабыз.

- Негизинен кино тармагын оор деп айтышат, айрыкча айымдар үчүн?

- Ооба, чындыгында эле ошондой. Себеби, эртеден кечке чейин съемка, кээде иш сапарга кетесиң, айрым учурда ал жарым жылга созулуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан да кыз бала үйдө отуруп, балдарын тарбиялаш керек деп айтышат да. Бирок, менимче эки жакты тең бирдей алып кетсе болот. Бизде андай айымдар жок эмес, бар. Мен өзүм деле жумушту жана үй-бүлөнү эриш-аркак бирдей алып кетсе болот деп ойлойм. Кино тармагында эмгектенген айымдар бардыгын бетке айткан, эркек мүнөздүү болушу керек. Кыйынчылыкты көтөрө билген, анан эң башкысы лидерлик сапат болушу абзел. Анткени, тасмага тартуу аянтчасында баарын сен башкарып турасың, баары сен айткандай болот. Мен кино тармагына аралашканыма 10 жылдан ашты. Тасма тартуу мен үчүн кыйынчылык эмес. Тескерисинче, тасма тартып жаткан учурда ырахат алам. Албетте анан да ар бир кыйынчылыкты жеңсе болот.

- Ушул кезге чейин кандай тасмаларды тарттыңыз?

- Мен көбүнчө даректүү тасмаларды тартам. Эң биринчи тарткан тасмам “Өмүр бешиги” деп аталат, бул тасма менин дипломдук ишим болчу. Андан соң, “Меккеге карай жол”, “Чек ара”, “Чырак” аталыштагы тасмаларды тарттым. Ошондо бардыгы болуп, беш даректүү бир көркөм тасма жараттым. Тарткан тасмаларымдын арты менен көптөгөн эл аралык кино фестивалдарга катыштым, жаңы инсандар менен тааныштым.

Эсептеп көрсөм бардыгы болуп жыйырмадан ашуун байгелерди алганмын. Эл аралык сынактардан “Меккеге карай жол” тасмам көбүнчөсү алдыңкы орундарды багындырды. Ар бир тасмамдын кеминде 7-8ден байгеси бар.

Кудайым буюрса, учурда жаңы көркөм тасма тартуу менен алекмин. Азырынча эмне жөнүндө экендигин ачыктабай турайын, экранга чыкканда өзүңүздөр күбө болосуздар.

- Кино тармагына аралашып, режиссер болууну эңсеген кыз-келиндерге кандай кеңеш берет элеңиз?

- Эң башкысы – коркпогула дейт элем. Эгерде тасма тартууну кааласаңар анда, бир кадам алдыга таштап, ар дайым аракет кылуу керек. Адам канчалык таланттуу болбосун аракет кылбаса эч нерсеге жетишпейт. Аракет кылып изденсең гана ийгилик сен тарапта болуп, аракетиңдин акыбети кайтат. Мен окуучу кезимде Парижди көрсөм деп көп кыялданат элем. Тасма тартып, аны арты менен Парижге да бардым. Ал жакта менин тасмамды көрүү үчүн элдер атайын акчага билет сатып алышкан. Бул да өзүнчө сыймык. Аракет кылса баары болот. Өзүңдүн айта турган оюнду тасмага тартып, чоң экран аркылуу көрсөтсөң, сөзсүз бийиктиктерге жетесиң. Анан да көп окуп, билимдүү болуу керек. Алган билимиңдин пайдасы сөзсүз тийет. Режиссер – бул психолог, философ, акын, сүрөтчү. Башкысы билим алууну жана аракет кылууну токтотпош керек. Бул экөөнү тең айкалыштыра алсаң, ийгилик сен тарапта болот деп айткым келет.

Нурсулуу Нуркамилова

“Кабар”

Пикир

Оставить комментарий