Кыргызстан 2040-жылдан тартып латын тамгасына өтүүсү керек – депутат

2003 кароо Жогорку Кеңеш 1

Бишкек, 13-апрель /Салтанат Абдраева-Кабар/. Кыргызстан 2040-жылдан тартып латын тамгасына өтүүсү керек. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, кечээ Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев 2018-жылдан тартып Казакстан латын тамгасына өтөрү тууралуу билдирди. “Биз дагы эртеби-кечпи латын тамгасына өтүшүбүз керек. Бизде азыр каражат жок, бирок адистерди даярдай башташыбыз керек. Албетте, кириллицадан баш тарта албайбыз, ал биздин интеллетуалдык байлыгыбыз. Бирок, 2040-жылдан тартып Кыргызстан латын тамгасына өтүүсү зарыл. Биз дүйнөлүк агымга каршы турбайбыз да”,-деди К.Иманалиев.

Ошондой эле, депутат Өкмөт азыртадан ушул багытта иш жүргүзүүнү баштоосу керек деп белгиледи.

Пикир

  • Bektursun

    Bektursun 7 months ago

    Адамзат тарыхында, бир да орус эмес улут - орустун тилин жана орустун кириллицасын қолдонуу арқылуу орустардан озмоқ түгүл орустардын деңгээлине илим билим, цивилизация жана искуство менен зманбап технология жаатында чығыша элек.
    Өнүгүшө элек.
    Мындан ары да орустун ооқаты менен эч нерсеге эч ким жарыбасы бышық.
    Андықтан,
    эл аралық тил болғон әңлис тилинде қолдонулуучу латын тамғасын қырғыз тилде қолдонуу, қырғыздар әңлисче үйрөнүүгө жеңилдик жаратмақ.

Оставить комментарий