Кыргызстан боюнча мугалимдердин орточо айлык акысы 13 824 сомду түзөт – Билим берүү министрлиги

5060 кароо Коом 2

Бишкек, 14-март /Кабар/. Кыргызстан боюнча мугалимдердин орточо айлык акысы 13 миң 824 сомду түзөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, мугалимдердин маянасынын көбөйүшү 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегияснын ишке ашыруунун алкагында жетишилген.

2016-жылга сапаттуу иштеген мугалимдерди сыйлоо үчүн республика боюнча айлык акынын стимул берүүчү бөлүгү 12,1%га чейин өскөн (2015-жылы бул көрсөткүч 10,8%ды түзгөн).

Мындан тышкары, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларынын айлык маянасы 80%га көтөрүлүп, орточо 13 824 сомго жеткен.

Пикир

  • Эмилбек

    Эмилбек 11 months ago

    Мынча коп айлыкты башталгыч класстарадын мугалимдери менен директорлор албаса,эч ким мынча айлык албайт!!!

  • замирбек

    замирбек 11 months ago

    Албетте жалган. Эн коп айлык акы бул. Мугалимдер 5_6 мин орточо айлык акы алышат

Оставить комментарий