Кыргызстандык самбо боюнча дүйнө чемпиону болду (видео)

1125 кароо Спорт 0


Бишкек, 11.11.17 /Кабар/. Кыргызстандык Раимкул Бекназар уулу россиялык Сочи шаарында самбо боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Эл аралык самбо федерациясынын сайтында маалымдалган.

74 кг чейинки салмак категориясынын финалында кыргызстандык Россиянын өкүлү Байзет Хотхохуну жеңген. Коло медалга Украина менен Өзбекстандын спортчулары ээ болушту.

Дагы бир кыргызстандык Аманат Алтынбек уулу (57 кг чейин) коло медаль алды.

Эскерте кетсек, дүйнө чемпионаты “Айсберг” сарайында 9-нан 13-ноябрга чейин өтмөкчү. Биринчиликке дүйнөнүн 90 өлкөсүнөн 500дөн ашуун спортчулар катышууда. Буга чейин Кыргызстандан башкы машыктыруучу Артур Сон баштаган 18 спортчу барганы маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий