Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 11-16.09.17

2380 кароо Аналитика 0

Баалуу түшүүлөр. 2017-жылдын 8 айында мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан Кыргызстандын бюджетине 10 млрд сомдон ашык түшкөн. КР Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, январь-август аралыгында мамлекеттик казналык векселдерди жана мамлекеттик кыска мөөнөттүү облигацияларды чыгаруудан республикалык бюджетке 10,3 млрд сом каражат түшкөн.

ИДП өсүүдө. Ички дүң продукциянын 2017-жылдын январь-август айларына көлөмү 282 млрд сомдон ашты. КР Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6%га көп. ИДПнын көлөмүнүн өсүшүнө алып келген көрсөткүчтөр өлкөнүн өнөр жай тармагынын өнүгүшү менен шартталат. ИДПнын өсүшүнө өнөр жай жана курулуш тармагынын өсүшү таасир берди. ИДПнын түзүмүндө эң көп үлүш тейлөө кызматтарына таандык болуп, 50%ды түзгөн. Өнөр жай тармагы – 20%, айыл чарбасы – 12% жана курулуш 7% экенин Улуттук статком билдирет.

“Кумтөр” кенин эске албаганда, 2017-жылдын январь-август айларында ИДП көлөмү 253 млрд сомго жакынды түзүп, 3,6%га көбөйгөн. Өнөр жай продукциясынын көлөмү 140 млрд сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 26,4%га өскөн. 2017-жылдын январь-август айларында өнөр жай продукциясынын өсүшү кен казуу, негизги металлдарды чыгаруу, желим жана пластмасса буюмдарды чыгаруу, металл эмес минералдык продуктуларды, азык-түлүк продуктуларын, тазаланган мунай зат продуктуларын, кийим-кече өндүрүүнүн, ошондой эле, өлкө элин электр энергиясы, газ, буу жана (((( менен камсыз кылуунун эсебинен камсыздалган.

Соода жүгүртүү. 2017-жылдын январь-июлунда Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 3 млрд 340 млн АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын бул мезгилинен 13,4%га көп болгон. КР Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, 2017-жылдын 1-жарымында экспорттун көлөмү 27,1%га жана 950,5 млн АКШ долларына өскөн, импорт 8,7%га өсүп, 2 млрд 390,1 млн АКШ долларын түзгөн.

Мындай натыйжа сү азыктарын 3,4 эсе, айнекти 2,3 эсе, кургатылган жемиштерди 2,3 эсе экпорттоонун эсебинен жетишилген. Аны менен бирге Кыргызстанда өлкөдөн транспорттук каражаттарды ташуу 8%га кыскарганы байкалган.

Импорттун көбөйүшү жыгач жана жыгач буюмдарын ташуунун 2,6 эсе, фармацевтикалык продукция – 36,1%, трикотаждык кийимдер – 24,7%, кара металл буюмдар – 18,7%, электр машиналары жана жабдуулар – 10,3% өсүшү менен шартталган.

Ошол эле учурда жерде жүрүүчү транспорттук каражаттарды ташып келүү 27,3%, кум шекер жана кант азыктары – 23% азайган.

Улуттук статкомдун маалыматы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода 2017-жылдын январь-июнунда 1,3 млрд долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 14,7%га өсүш берген. ЕАЭБ өлкөлөрүнө товарларды экспорттоо 32,7%га, импорт – 9,8%га өскөн.

Активдүү калк. Кыргызстандын экономикалык активдүү калкынын саны 2,5 млн адамдан ашат. Улуттук статкомдун маалыматында, экономикалык активдүү калкка 15 жаштан жогору курактагылар кирет.

2,5 миллиондун көп бөлүгү – 65% айыл жерлеринде жашашат. Бул топтун басымдуу бөлүгү – 27%га жакыны – айыл чарбасы, 16% - соода, 12% - курулуш, 9% - билим берүү тармагында иштешет.

Кыргызстанда жумушсуздук деңгээли акыркы беш жылда 2012-жылдагы 8,4% 2016-жылы 7,2%га кыскарган. Ошол эле учурда шаар жерлеринде иш менен камсыз болуу айылдарга караганда бир аз төмөн. Бул айыл жериндеги калктын иш менен камсыз болуу өзгөчөлүгү менен шартталат. Мындай факт айыл жеринде эмгекке жарамдуу үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары иштегени менен түшүндүрүлөт.

Кант кызылчасы иштетилет. Бул жумада Кемин, Чүй-Токмок, Ивановск кант кызылчасын кабыл алуу жайлары чектелген кабыл алуу башташты.

Кабыл алуу график боюнча гана жүргүзүлөт. Кабыл алуу пункттары ар бир фермер үчүн жакынкы күндөргө график түзүп койгон. Алардын кубаттуулугу күнүнө 900 тонна кызылчага чейин кабыл алат. Бирок октябрда иштин көлөмү эки эсе көбөйүп – күнүнө – 18000 тоннага чейин жетет. “Кайыңды-Кант” кант заводу күнүнө 3 миң тоннага чейин кызылча иштетет. Кызылча кабыл алуу жайында 60 мң тоннага чейин кант кызылчасы сакталат. Кызылчаны таза түрүндө кабыл алынат. “Чүй-Токмок” кабыл алуу пунктуна 1 кг кызылчага 3,5 сом төлөнөт, бирок бул баа башка объекттерде 3,4-3,5 сом болушу мүмкүн.

Кум шекерге 100 миң. Чүй облусунда эки кант заводунун жаңыланышы 100 миң адамды жумуш менен камсыздайт. Бул иш орундары кант кызылчасын кайра иштетүүнүн эсебинен түзүлөрүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду ырастайт. Фонд буга чейин эки кант заводуна жалпы суммасы 15,5 млн долларга насыя берүүнү чечкен – 5,5 млн доллары Кайыңды заводуна жана 10 млн доллар Шопоков шаарындагы “Кошой” заводун калыбына келтирүүгө. Бул эки кант заводун каржылоо келечекте 100 миң адамда иш менен камсыздоону шарттайт.

Бузуучу. “Түштүк-Кыргыз цемент” ЖЧКсы антимонополиялык мыйзамды бузгандыгы аныкталды. Социалдык маанилүү товарларды сатуу бааларына мониторинг жүргүзүүдө бул ишкана М-400 маркасындагы цементтин баасындагы өлкөнүн түндүк жана түштүгүндө кыйла айырма аныкталган.

Үстүбүздөгү жылдын июлунун этегинде түндүк аймак боюнча “Түштүк-Кыргыз цемент” ЖЧКсы өндүргөн М-400 маркасындагы цементтин баасы 240-270 сом болсо, түштүктө 285-300 сом болгон, тактап айтканда, 30-40 сомго кымбат.

“Түштүк-Кыргыз цемент” ЖЧКсы Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жайгашканын эске алганда, экономикалык ой-жүгүртүүлөр боюнча, цементтин баасы, түндүк аймакта кымбат болмок, анткени түштүк аймакта ташуу чыгымдары кыйла төмөн.

Бүгүнкү күнү түндүк аймакка чейин цемент ташуу 1 кг үчүн 1-1,5 сом, башкача айтканда 1 кап цементти жеткирүү 50-75 сом.

Жогорудагылардын негизинде “Түштүк-Кыргыз цемент” ЖЧКсына антимонополиялык мыйзам бузууларды четтетүү үчүн эскертүү берилген.

Контрафакт менен күрөшүү. Коомдук-саясий ишмерлер, мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин ири ишканаларынын жетекчилери өткөн жумада “Ала-Арча” мамрезиденциясында экономикалык биримдиктин аймагында контрафакттык продукцияга каршы күрөшүү маселелерин талкуулоо боюнча 5-форум өткөрүштү.

Форумдун катышуучулары ЕАЭБ рыногун коргоо үчүн союздун өлкөлөрү контрафакттык продукцияны аныктоо жана жоюу боюнча биримдикте иш жүргүзүүлөрү керектигин белгилешти.

Премьердин иш күнү. Премьер-министр Сапар Исаков жуманын соңунда Чүй облусуна жумуш сапары менен барып, андагы өнөр жай жана соцмаданий объекттер менен таанышты. Анын ичинде, Токмоктогу “Интергласс” айнек заводуна барды. С.Исаков жаңыланган заводду көргөнүнө кубанычта экенин билдирди.

Заводдун расмий өкүлү Леонид Попов өкмөт башчыга 2000-2002-жылдары заводо оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп, негизги өндүрүш, техникалык жабдуулары, башкы фонддор жаңыланганын билдирди. Бул натыйжалуу көрсөткүчтөргө жетип, өндүрүлгөн продукциянын сапатын жогорку деңгээлге чыгарууга шарт түзгөн.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий