Ленин РИИБы тарабынан 58 жаштагы Смадияров Жанышбек издөөлүдө

535 кароо Коом 0

Бишкек, 11-апрель /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан, Бишкек шаарынын Токтогула көчөсүнүн тургуну, 1959-жылы 30-авустта туулган Смадияров Жанышбек Алимжанович издөөлүдө, ал 2017-жылдын 10-апрель күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон, кайра кайтып келген эмес. Азыркы убакта кайда жүргөнү белгисиз. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма-сөз кызматы билдирди.

Бою: 170-175 см.

Белгилери: дене түзүлүшү арыкчырай, көздөрү кара,акчач, кырдач мурун, сүйрүү бет.

Кийген кийими : үстүндө мезгилге жараша саргыч боз түстөгү куртка, кара свитер, кара түстөгү джинси шым, бутунда кара түстөгүү өтүк.

Өзгөчө белгилери: маңдай чеке жагында узуну 7-8 см болгон шрамы бар, эстен тануу дарты менен оруйт.

Көргөн-билгендер болсо, төмөнкү телефон номерлерге чалып коюуңарды суранабыз: (0703) 40-16-00, (0553)10-24-65, 0(312) 35-26-71 (Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын издөө бөлүмү), 0(705)01-02-13 (туугандарынын номери).

Пикир

Оставить комментарий