Мен үчүн ар бир жаңы чет тили – жаңы дүйнө, жаңы кадам – Үмүт Кыдыргычова

4155 кароо Аналитика 0

Учурда эл аралык деңгээлде билими бар, келечектүү жаш адистерибизден уучубуз куру эмес. Алардын катарында бүгүнкү күндө Борбор Азиядагы Америка университетинде Жаңы муун академиясынын координатору болуп эмгектенип жаткан Үмүт Кыдыргычова аттуу кызыбыз бар. Ааламга жол айылдан башталат дегендей, Теңир-Тоо койнунда чоңойгон Үмүт келечектүү кадамдарын тил үйрөнүү багытында кере таштап, эне тили менен расмий тилден тышкары англис, түрк, азербайжан тилдеринде эркин сүйлөп, учурда испан тилин дилгирлик менен өздөштүрүп жаткан чагы. Анын тил үйрөнүүдөгү сырларын билүү, ийгиликтерине ортоктош болуу максатында Үмүткө суроо узаттык.

- Канча тил билсең ошончо адамсын дейт эмеспи, чет тилдерди үйрөнүү сага эмне берди?

- Мен үчүн ар бир жаңы чет тили - жаңы дүйнө, жаңы кадам жана жаңы жан дүйнөмдүн төңкөрүшү, өзгөрүүсү. Чет тилдерин үйрөнүү менен өзүмө руханий, маданий эркиндикти жана интеллектуалдык баалуулуктарды табамын. Маалымат майданында керектүү жаңылыктарды, ачылыштарды, китептерди, илимий макала же жазуу иштерин окууда тоскоолдуксуз окуунун, билүүнүн жана үйрөнүүнүн негизги шайманы – бул мен билген чет тилдер. Демек, дүйнө таануумда, билим алуумда жана коомго пайдасы тийген инсан болууга умтулуумда чет тилдери мага канат болуп, алдыга койгон максаттарыма жетүүдө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бирок кайсы бир чет тилин үйрөнүп баштабайын өзүмө-өзүм “канча тилде булбул болуп сайрасаң дагы, эне тилиңди, кыргыз тилин, булбулдан артык бил” – деп эскертип келемин.

- Тил үйрөнүүнү эмнеден баштоо керек?

- Алгач каалоо же кызыгуу болуусу абзел. Чет тилин үйрөнүү – бул сепилди коргоого алган сымал. Ар тараптан, ар күнү тилди жакшылап өздөштүрүүнүн үстүндөсүң. Мисалы, окуу, жазуу, угуу жана сүйлөө жөндөмдөрүн күн сайын жакшыртуу шарт. Балким китеп окуйсуң, чет тилинде үналгыны тыңдайсың. А балким жаңы сөздөрдү жаттоо менен алексиң. Дал ушул майда кадамдар каалоонун жана кызыгуунун негизинде ишке ашат. Каалоо болгон соң муктаждык же үйрөнгөн тилиңизди колдоно билүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Окууда, иште же күнүмдүк жашоодо болобу, тилди колдонуп туруу керек. Акырындап өзүңүзгө ылайык усул (метод) таап аласыз дагы, белгилүү венгр полиглот айым Като Ломбдун “сарптаган убакыт+кызыгуу=жыйынтык” формуласындай жыйынтыкка жетүү мүмкүн экенин байкайсыз.

- Азербайжанга кандайча барып окуп калдың?

- 2011-жылдын аяктарында, Азербайжан дипломатиялык академиясына стипендиалык программага сынак жарыяланганын устаттарымдын бири маалымдап, керектүү документтерди жиберип көрүүнү чечкем. Жарым жылдай кабыл алуунун этаптарынан өтүп, Баку шаарында окууга чакыруу алдым. 2012-жылдан 2014-жылга чейин Азербайджан дипломатиялык академиясынын Бизнес мектебинде (Business School) окудум.Сабактарым англис тилинде болгондуктан, англис тилин жакшыртууга мыкты шарт түзүлдү. Ал гана эмес, окуудан тышкары азербайжан тилин сунушташты. Чет тилдерине кызыгуум күчтүү болгонуна байланыштуу, эч ойлонбостон чет өлкөлүк студенттер менен бирге азербайжан тилин окуп баштадык. Бир канча маданий иш-чараларда Кыргызстандын каада-салтын, үрп-адатын таанытууга жетишип, азербайжан элинин маданиятын, тарыхын жана тилин таанып билдим.

- Башка мамлекеттерден билим алган айрым жаш адистерибиз ошол жакта иштеп, Кыргызстанга келүүнү каалабай калып жатышат. Буга көз карашың кандай?

- Дүйнөлүк талаптарга ылайык эгер ийгиликке жетишүүнү жана эл аралык деңгээлде атаандаштыкка туруштук бере алган адис болууну кааласаң мыкты окуу жайларда, университеттерде жана институттарда сапаттуу билим алуу маанилүү. Турбулент ылдамдыгы менен өзгөргөн азыркы заманда коомдун жана мамлекеттин эл аралык аренадагы күчүн анын финансылык- экономикалык капиталы гана эмес, интеллектуалдык капиталы түзөт деп ойлоймун. Инсан – кызматкер – башкы ресурс. Кайсы багытта өнүгүү жолуна түшөбүз дал ушул ресурстан көз каранды болот. Демек, АКШда, Канадада, Европа мамлекеттеринде, Кытайда, Жапон өлкөсүндө же башка мамлекеттерде билим алып жана ошол өлкөдө иш жолун улантууну каалап, кызмат жолун баштап кеткен жаш адистерибиздин өлкөбүзгө келбей калышы көйгөйлүү маселе. Интеллектуалдык запасты топтоо жагынан уттуруп атабыз. Бирок белгилей кетчү нерсе, көпчүлүк адистерибиз эртеби, кечпи кайтып келишип, Кыргызстанда иш баштап кетүүсү кубандырбай койбойт. Ал эми чет өлкөдө калып иштеп келген кыргызстандык адистерибизди дагы түшүнөмүн. Себеби, алардын чечимине таасир берген факторлор абдан көп. Башкысы, Сингапурдун биринчи премьер-министри Ли Куан Ю белгилеп келгендей, мамлекетибиз туура эмес башкаруу алдында болуп, акылдуу жана билги инсандар же адистер өлкөдөн чыгып кетпесин дейт элем.

- Жакында Испанияга окууга барып келиптирсиң. Чет өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстандын бүгүнкү өнүгүүсүнө кандай баа бересиң?

- Сөздүн ачыгы, эгер башка өлкөлөр өнүгүүдө бир кадам алдыга жылса, Кыргызстаныбыз он арыш алдыга таштоочу мезгил. Дегеним, географиялык, экономикалык жана климаттык өзгөчөлүктөрдү же мүмкүнчүлүктөрдү эске албаганда, мектеп партасынан баштап билим берүүнүн сапаты, кесипкөй адистерди даярдоо, айлана-чөйрөгө кылган ар бир жарандын аяр мамилеси, маданияттуулуктун деңгээли жана өнүгүү менен өзгөрүүгө болгон каалообуз жетишпейт деп ойлоймун. Көп түкүрсө көл болот дегендей, балким ар бирибиздин кичинекей салымыбыз, саясатта болобу, саламаттык сактоо тармагында же билим берүүдө болобу, а балким соода багытында, туризм чөйрөсүндө болобу, ар бирибиздин аткарган кызматыбызды так, убагында аткарылса кымындай болсо дагы өзгөрүү алып келет деп ишенемин. Өнүгүүгө салым кошобуз деп билемин.

- Чет өлкөдө жүрүп Кыргызстанды эстегенде, оюна алгач эмнелер келет?

- Алгач эле тоолор оюма келет. Балкимкичи мекеним Теңир-Тоо аймагы болуп,балалыгым дал ушул тоолуу аймакта өткөнүнө байланыштуу болсо керек. Азыркы күнгө чейин тоолор дем, тоолор күч болуп тургандай сезилет. Чыңгыз атабыздын түшүнө тоолор кирип, туулган жерине чакырган өңдүү, чет өлкөлөрдө жүргөндө менде дагы улуу тоолорубуз менен алыстан сүйлөшүүлөр болот, байланышыбыз үзүлбөйт. Мен үчүн кыргыз тоолору өзүнчө философиялык терең мааниге ээ болуп келет.

- Максаттарыңа жетүүдө кандай жолдорду тандайсың?

- Жети өлчөп, бир кескен инсанмын. Алдыга койгон максаттарым так болуусу шарт. Көпчүлүк учурда он сегиз айлык аралыктарга ылайыктап максаттарды коёмун, себеби, жеке оюмда, бир жыл аз, ал эми эки жыл узак убакыт болуп калат. “Кыбыраган кыр ашат” деп бир орунда тура берүүнү жактырбаймын. Ар бир күнү билим алуунун, үйрөнүүнүн, үйрөтүүнүн үстүндө болуум зарыл.

- Эмнеге умтулуп жашайсың?

- Жан дүйнөмдүн эркиндигине умтулуп жашайм десем жаңылышпаймын. Чет тилдерин үйрөнүүгө болгон далалатым дагы ойлонуумдагы, кыялдануумдагы эркиндикке болгон умтулуум менен байланышкан. Ой-толгоомдун чектелүүсүн каалабаймын. Андан тышкары ата-энемдим эл караган жүзүн жер каратпай, күн сайын калыс, өз ишине так, жоопкерчиликти моюнума ала билген, коом үчүн пайда келтире алган инсан болууга умтуламын.

- Ийгилик каалайбыз! Маегиңе рахмат!

Венера Акматова, “Кабар”

Пикир

Оставить комментарий