Монголиялык студент: Бишкекте этти аз жегендиктен кетким келчү, биз бир кышта 15 кой, 1 жылкы азык жейбиз

4944 кароо ТАГДЫР 0

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына жыл өткөн сайын ар кандай улуттардын өкүлдөрү келип окушууда. Өз билимин кеңейтүү менен бирге жаңы дос табууну каалаган Берикбол Баатыр Монголиянын Баян-Улгий деген жеринен келген. Ал бизге берген маегинде Кыргызстанга келгендеги кыйынчылыктары менен эмнеге таң калганы туурасында сөз курду.

- Бир аз өзүң жөнүндө айтып берсең?

- Менин аты-жөнүм Берикбол Баатыр. Учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин менеджмент бөлүмүнүн 2-курсунда окуймун.Апам монгол, атам казак, Монголиянын Баян-Улгий деген жеринен болобуз. Кыргызстанга келгениме быйыл 3 жыл болду.

- Кыргызстан тууралуу кимден угуп калдың?

- Буга чейин байкем "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин Экономика факультетин окуп бүтүргөн. Ал Кыргызстан абдан кооз жана сонун жер экенин айткан. Бишкекте “Манас” деген университет бар, ал окуу жайда 16 мамлекеттен келген студенттер окуйт деген. Кыргызстан кандай жер экен деп абдан кызыккам. Өзүм да чет мамлекетке чыгып окуганды каалачумун. Жаңы досторду табам, билимимди жогорулатам деген ойдо келгем. Билим деңгээли жогоруу дегенинен тапшыргам. Билим берүү жагынан күчтүү экен. Мектепте эне тилинен сырткары англис тили менен орус тилин окушат экен. Бирок ага чейин мен Монголиядагы университеттин бирине өткөм.

- Кыргызстанга келгениңизге 3 жылдын жүзү болуптур. Эң биринчи келгенде таң калыштуу нерсе эмне болду?

- Эң биринчи келгенде эле Кыргызстанда токойлор көп экенине таң калгам, Монголияда токой жокко эсе. Бул жерде токой жана ошондой эле баары жашыл экен.Ошонусу мага абдан жакты.

Башында эт маселеси боюнча кыйналдым. Бишкекте эт жешпейби же бизде көп жейбизби. Монголияда күнүгө бир табак эт жейбиз. Анан ошого көнүп калгандан кийин бул жактан эт жегим келип, эт аздыгынан кетким да келген учурлар болгон. Кыргызстандын башка жерлерине караганда Бишкекте этти аз жешет экен. Биз кыш жакындаганда 15 кой, 1 жылкыны азык кылып туздап, сактап коебуз. Ошону жайга чейин жейбиз.

Бул жактагы окуу жайларында орус, кыргыз тилдеринде окутулат экен. Тил жагынан кыйынчылыктар болду. Билбейм, эне тилдерин унутуп коебу. Ошого таң калдым. Кээ бир адамдардан бир нерсе сурап калсаң, кыргыздар орусча жооп берип калат. Анан мен орусча билбейм, кыргызча жооп берип коесузбу десем мен кыргызча билбейм дешет.

- Кыргыз тилин үйрөнүү кыйын болдубу?

- Мага аябай оңой болду. Кыргыз тили Түрк тилдүүлөргө киргендиктен, менде көп кыйынчылык жаралган жок. Тууган болгондуктан жана баарыбыз бир улуттан болгондон кийин тез эле үйрөнүп кеттим. Кээ бир сөздөрүнүн айтылышы, мааниси да окшош.

- Монголия менен Кыргызстандын кандай окшоштуктары бар экен?

- Биринчи тоолору жана адамдары негизинен окшош экен. Экинчиден кыргыздардын үйлөнүү салты биздикине окшош кетет. Үйлөнүүдөгү кыз алуу жана кыз узатуу салттарынын окшоштуктарын байкадым.

- Ал эми кыздарычы?

- Мисалы, монгол кыздарынын көздөрү ичке болот. Кыргыз кыздарынын көздөрү кээ бириники ичке болсо, айрымдарыныкы тоголок, ар кандай экен. Айырмачылыгы ошондо окшойт. Кыргыз кыздары маданияттуу жана адамга болгон мамилеси сылык экен.

- Кыргызстандын кайсы жерлерине саякат жасадың?

- Жакын жердеги Токмок, Кантка саякат жасадым. Биринчи келгеним эсимде. Кабинетке кирсем, сабак башталып калыптыр. Аркасына барып отурсам баары мени карашты, кыргызбы же башка мамлекеттен келдиби деп. Агай менден кайсы жерден келдиң дегенде Монголиядан экенимди айтсам, “Оо, Монголия ,Чыңгыз хан”, - деп айтканы эсимде. Ошол күнү танапис учурунда кыргыз бала келип Кыргызстанга кандайча келгенимди сурап, таанышып калганбыз. Ошентип, ал мени Кант деген жерге конок кылган. Ысык-Көлгө да бардым, ал жер да жакты. Келе жаткан жайында Жалал-Абаддагы Сары-Челек көлүнө барайын деген пландар бар.

- Жогоруда орусча билбей кыйналганыңды айтып кеттиң, андан башка дагы кыйынчылыктар болдубу?

- Ооба болду. Бизде аба-ырайы суук болот. Жайында ысык болгону 20-25 градус болот. Бул жакта аябай ысык болот экен. Ысыктан кыйналып кетем. Кышында бизде суук болгондуктан бул жердеги сууктан кыйналган деле жокмун. Келгениме 3 жыл болсо да бир да жолу кышында баш кийим кийген жокмун.

Бул жерде чайды кичинекей жана ичке стаканга куят экен. Башында көргөндө бул чайбы же эмне деп кечке ойлонгом. Монголияда болсо чайды чоң-чоң чыныга куят. Муну бир ичкенде эле түгөнүп калат, кайра сунасың, анысы да тез эле түгөнөт. Үчүнчү жолу сунгандан уяласың. Кийин байкасам, ал стаканды биздин университетте окугандар колдонбосо, башкалар көп деле колдонбойт экен.

- Окууну бүткөндөн кийин кандай пландарың бар?

- Университетти бүткөндөн кийин бул жакта эле иштейин деген ойлор бар. Орусчаны билбегениме кээде намыстанып да кетем. Окууну бүткөнгө чейин орус тилин үйрөнүүгө аракат жасап жатам.

- Маегиңе рахмат! Окууларыңа ийгилик!

Маектешкен Адил Төлөгөнов,

“Манас” Кыргыз-Түрк университетинин студенти

Пикир

Оставить комментарий