Кыргызстандын экономикалык жумалыгы - 25-30.09.17

1686 кароо Аналитика 0

Соода көбөйүүдө. Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү товар айлантуусу 2017-жылы 13%га өскөнү КР интеграциялык процесске киргенин күбөлөндүрөт. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык биримдиктин “Бир жол – бир алкак” демилгеси менен аракеттешүүсү” Гайдаров окууларында РФнын Кыргызстандагы соода өкүлү Валерий Латыпов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан ЕАЭБге киргенине 2,5 жыл болду. “Бардык өнөктөш өлкөлөрдөн жогору болгон Кыргызстандын ИДПсынын уникалдуу өсүшүн белгилеп кетүү керек. Менимче, өлкөнүн товар айлантуусу өсөт, анткени зарыл каржылык инструменттерди түзүлүүдө”, - деди ал.

Бул ириде Латыпов белгилегендей, кыргыз экономикасын колдоо максатында 500 млн доллар капитал менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун түзүлүшү.

Акча которуулар өсүүдө. Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айлар аралыгында акча которуунун таза агымы 1 млрд 100 млн АКШ долларын түзгөн. КР Улуттук банкынын маалыматына караганда, акча которуунун таза агымы 7 ай ичинде былтыркы жылга салыштырмалуу 28,8 % жогорулаган.

Негизинен которуунун 95 пайызы Россиядан келет. Акча которуунун жогорулашы өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизип жатат. Бардык банктар бизге акча которуулар тууралуу маалыматтарды беришет. Өлкөгө канча акча кирсе, ошончо чыгып турат. Бул маалыматтардын бардыгын иштеп чыгып, статистиканы чыгарышат.

Салык төлөбөгөн тамадалар. Мамлекеттик салык кызматы (МСК) Бишкектин аймагында жайгашкан кафе-ресторандарда эреже бузуу менен иштеп жүргөн тамада жана сүрөтчүлөрдү текшерди.

МСК маалыматына ылайык, атайын жүргүзүлгөн рейд учурунда калаадагы ресторандардын биринде сүрөт тартуу кызматын көрсөткөн айрым жеке ишкерлердин патенти болбогондугу аныкталган. Мындай күтүүсүз текшерүү бул багытта кызмат көрсөткөндөрдүн көпчүлүгүндө тиешелүү документ жок экенин көрсөттү.

Эске сала кетсек, тойлордо жана башка салтанаттарда кызмат көрсөтүү боюнча (музыканттар, тамадалар, бий жана актерлордун топтору жана башка кызмат көрсөтүүлөр) салыктын көлөмү ай сайын 500 сомдон 2,5 миң сомго чейин жетет. Алардын көпчүлүгү патенти жок иштешет. КР МСК билдиргендей, 8 ай ичинде дал ушундай кызмат көрсөтүү боюнча бюджетке болгону 665,4 миң сом түшкөн. Ошол эле учурда Кыргызстандын калкы майрамдык иш чараларга аз болгондо 1 млрд доллардан ашык сарпташат.

"Мегаком" тагдыры. Кыргызстанда “Альфа Телеком” ЖЧК компаниясынын 100% акциясын сатып алууга даяр кардар табылды. ММБФ Мегакомду 13,5 млрд сомго жана кошумча 7% комиссиялык менен сатыкка койгонун жарыялаган. Жыйынтыгында 14,5 млрд сом болот. Каалоочулар билдирмелерин бишкек убактысы боюнча 2017-жылдын 25-сентябрына чейин бере алышмак.

Учурда компанияны сатып алууну каалаган бир кардар чыкты. Ал Россиянын жараны Елена Нагорная. Анын демилгеси бүйүр кызытты, себеби, ал буга чейин уюлдук байланыш тармагында ишкерлик кылган эмес. Ал азык-түлүк продуктулары тармагында иштеген.

Эскерте кетсек, аталган уюлдук оператордун 100% акциясы мамлекетке таандык. ММБФ аны сатууга бир нече ирет сынак жарыялаган, бирок акыркы сынакка чейин аны сатып алууну каалагандар болгон эмес. Ушундан соң Мегакомду түз макулдашуу жолу менен сатуу чечими кабыл алынган.

Өнөктөштөр менен соода өнүгүүдө. Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков жана Өзбекстандын тышкы соода министри Элером Ганиев Ташкентте өлкөлөр ортосунда товар жүгүртүүнү өстүрүү кадамдарын талкуулашты. Тараптар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары учурунда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жолдорун талкуулашып, алдыдагы кыргыз-өзбек алакалары боюнча пикир алмашышты.

Министрлер Ташкентте КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга сапарынын алкагында биргелешкен кыргыз-өзбек бизнес форумун жана Кыргызстан менен Өзбекстандын товар өндүрүүчүлөрүнүн көргөзмөсүн өткөрүүнү белгилешти.

Мындан тышкары тараптар биргелешкен ишканаларды түзүү келишимдерин түзүшүп, эки өлкөнүн ортосундагы товар айлантууну жакшыртуу кадамдарын талкуулашты.

Ошол эле экономика министри А.Новиков КР премьер-министри Сапар Исаковдун Москвага расмий сапарынын алкагында россиялык экономикалык өнүктүрүү министри Максим Орешкин менен жолугушту. Жолугушууда тараптар биргелешкен экономикалык долбоорлорду талкуулашты.

Колдоого алынган бюджет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 14-сентябрда, 2018-жылга карата республикалык бюджеттин долбоору жана 2019-2020-жылдарга болжолу тууралуу жумушчу кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчысы жолугушуунун жүрүшүндө кийинки жылга карата “Таза-Коом” сыяктуу программаларды жүзөгө ашыруу максатында Өкмөттүн кабыл алынган милдеттемелерине ылайык пенсиялардын базалык бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө, жөлөк пулду жогорулатууну, мамлекеттик жана коммуналдык кызматкерлердин, күч түзүмдөрү кызматкерлеринин эмгек акысын бажы жана салык төлөмдөрү аркылуу кошумча кирешенин негизинде көбөйтүүнү тапшырды.

Финансы министри Адылбек Касымалиев маалымдагандай, республикалык бюджеттин кирешелери мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эсепке алуу менен 2018-жылы 135,0 млрд. сом суммасы каралат же ИДПга карата 25,1% өлчөмүндө берилет. 2017 жылдын бекитилген бюджетке салыштырмалуу кирешелер 6,5% га көбөйөт же сом менен 8,2 млрд. түзөт.

2018-жылга карата республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү белгиленген 157,6 млрд сомду же ИДПга карата 29,3% түзөт, 2017-жылдын бекитилген бюджеттинен 7,5 млрд. сомго көп (150,1 млрд. сом).

“Артыкчылыксыз чыгымдарды азайтуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жана жолдорду карап чыгуу жана мамлекеттик бюджеттин кирешесин жогорулатуу керек. Каржы министри мамлекеттик органдардын чыгымдарын оптималдаштыруусу зарыл”,- деп баса белгиледи Сапар Исаков.

Чектөөсүз электр энергиясы. КР Өкмөтү Кыргызстандын бардык аймактарында электр энергиясын колдонууга чектөөлөрдү алып салуу тууралуу токтомду бекитти. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубан Мырзакановдун айтымында, бул чечим КР Өкмөтүнүн жыйынында кабыл алынган жана кабыл алынгандан тарта күчүнө кирет.

“Бул долбоорду КР Улуттук энергохолдинги жана Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети биргеликте иштеп чыгышкан. Ал үч фазалуу түйүндөргө чектөөлөрдү алып салууну карайт. Муну менен жарандарыбызга электр энергиясын жылуулук жана үй тиричилигине колдонууга шарт түзүүдөбүз”,-деп түшүндүрдү Мырзаканов.

Чектөөлөрдү алып салууга Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшү шарт түзгөн. Адистердин айтымында, суунун деңгээли 19,5 млрд метр кубдан аз эмес. Бул кышкы жылытуу мезгилине жетет. 2016-жылдын кышында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 17 млрд метр куб болгон.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий