Новиков: Жол картасына кол коюлган жок, чек ара ачылбайт

453 кароо ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.10.17 /Кабар/. Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тартты. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков Армениянын борбору Ереванда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынан кийин журналисттерге билдирди.

Маалыматка караганда, казак тарап "жол картага кол коюлган күндө деле чек аралар ачылбайт, эки өлкө чегинде эркин кыймыл болбойт" деп айткан:

- Бүгүн жол картага кол коюлган жок. Биз мындан аркы иштерди Евразия экономикалык биримдигинин, эки тараптуу кеңешмелердин алкагында жүргүзөбүз. Андан кийин гана кандайдыр бир чечимдер кабыл алынат, - деген Новиков Казакстан мындай кадамын Кыргызстандан келген аткезчилик менен байланыштырганын кошумчалады.

Ошол эле маалда министр бул көйгөй ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде бар деп белгиледи.

Жол карта түзүү тууралуу макулдашууга 18-октябрда эки өлкөнүн премьер-министрлеринин Астанадагы жолугушуусунда жетишилген. Документтин долбоору 48 пункттан туруп, кыргыз-казак мамилесиндеги бардык маселелерди чечүүгө багытталганы айтылган.

Астанадагы жолугушуу Казакстан чек арадан өтүүнү кыйындатып, көзөмөлдү күчөткөндөн кийин болгон. Натыйжада казак тарап 19-октябрдан тартып жүгү бар автоунааларды текшерүүнү калтырып, жөө адамдардын, жүргүнчү ташуучу, бош жүк ташуучу автоунаалардын өтүү тартибин мурдагыдай кылып жеңилдеткен.

Бирок учурда кыргыз-казак чек арасында адамдардын жана автоунаалардын казак тарапка өтүүсү дале кыйынчылык жаратууда

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий