С.Тойматов: Базардагы дарылар бор менен кумшекерден жасалат

2808 кароо Аналитика 0

Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Саматбек Тойматов “Кабар” маалымат агенттигине Кыргызстандагы дары саясаты, алардын сапаты, баасы жана бул тармакты көзөмөлгө ала турган жаңы мыйзам долбоору боюнча кенен маалымат берди.

Дары саясаты элди канааттандырбайт

Кыргызстандын дары рыногуна учурда 300дөн ашык фармкомпания сырттан дары алып келет. Баалары болсо 2 эседен 16 эсеге чейин жогору сатылат. Бааларды тескөө азырынча мүмкүн эмес, анткен менен жаңы иштелип чыккан мыйзам иштеп баштаса, дары-дармектин баасын көзөмөлдөөгө мүмкүн болот. Азыркы дары саясаты элди канааттандырбайт. Ар бир бурчта дары саткан дарыканалардын саны күн санап өсүп жатат. Негизи базар экономикасынын шарты боюнча канчалык атаандаштык өссө, товардын баасы ошончолук арзандайт. Бирок, Кыргызстанда тескерисинче, дарынын баалары кымбаттап жатат.

1000ден ашык дарыкана бар, бирок мамлекеттик дарыкана жок

Кыргызстанга ташылып келген дары дармекти бир дагы мекеме көзөмөлдөй албайт. Бул өз кезегинде өлкөгө сапатсыз дары-дармектин киришине шарт түзүп, жарандардын ден соолугуна эбегейсиз зыян алып келет. Айрым адистер Кыргызстандын базары чакан болгонуна байланыштуу кызыккан компаниялардын саны аз болот деген мисалдарын айтып келишет. Бирок, эгер Кыргызстандын базары чакан болсо, эмнеге анда 300 дөн ашык компания бизге дары-дармек алып кирет? Кыргызстанга дары дармек ташыган копаниялардын саны 300 дөн ашат. Ал эми дарыканалардын саны 1000 ден ашык.

Базарларда сатылып жаткан дарылар кумшекер менен бордон жасалат

Базарларда сатылып жаткан дары дармектердин сапаты начар. Мисалы ар бир дарынын кутучасында күндөн, оттон сактоо зарыл, сапаты кетет же ден соолукка зыян алып келет деп жазылып турат. Бул жазууга дагы ишенбей базардан дары сатып алган жарандардын аң-сезимин оңдош керек. Башка айла жок. Медицина тили менен айтканда, базардагы дарыларды ичкендер оорулуу болуп калат. Ал дарылар ошол эле “Ош базарынын” жер төлөлөрүнүн биринде жасалган болушу толук ыктымал. Кыргызстанда мындай фактылар көп жолу катталган. Дарыны жасаш оңой эле кадимки борго кумшекерди кошуп эле дары жасап койсо болот. Саламаттык сактоо министрлиги үй бүлөлүк борборлордо өнөкөт ооруларга чалдыккандарды кошумча дары менен камсыз кылуу жеңилдиктерин берген. Анда 80 пайызга чейин арзандатуулар болот. Маселен эгер сиз каттоодон өтсөңүз , анальгиндин баасы 10 сом болсо, анын 8 сомун мамлекет 2 сомун сиз төлөйсүз.

Кыргыздар нандан кийин эле дары жеп калдык

Азыр адамдар нандан кийин эле дары жеп калбадыкпы. Мындан улам дары саясатына биз өтө этият мамиле кылуубуз абзел. Мисалы, буга чейин бизде сатылган дарылардын баасын эч ким көзөмөлгө алчу эмес. Анткени буга эч кимдин укугу жок. Бирок жаңы иштелип чыккан мыйзамда дарынын баасын өкмөт көзөмөлдөйт. Кыргызстанда дарылардын баалары өтө жогору. Акыркы 4 жылда Россия, Өзбекстан, Казакстанда баалар арзандаган. 2013-2014-жылы жүргүзгөн изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстанда дарылардын баасы 2 ден 16 эсеге чейин жогору экени аныкталган. Бирок, бир көчөдө үч дарыкана болсо, үчөөндө үч башка баа коюлат. Россиянын заводунда бир дары 80 сомдон чыкса, бизде 40 сомдон сатылып жатат. Булар сертификацияланбаган дарылар болуп эсептелет. Мисалы, Түркияда дары-дармектер чек арадан өлкөгө киргенде коюлган баада гана сатылат.

Жаңы мыйзамдын артыкчылыктары

Биз 2014-жылы жаңы мыйзам иштеп чыгуу боюнча иштерди баштаганбыз. Анда эки топ түзүлгөн. Аталган мыйзамды 2015-жылы аяктап, Жогорку Кеңешке өткөрүп бергенбиз. Ошондой эле, Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дагы аталган мыйзамга экспертиза жүргүзүп, Европанын талаптарына жооп берет деген баасын беришкен. Мыйзам Жогорку Кеңеште абдан кызуу талкууну жаратып, депутаттар эки окууда талашып-тартышып, өздөрү экспертиза жүргүзүп, андан соң гана кабыл алып беришти. Анткен менен бул мыйзамга каршы чыккандар дагы болду. Себеби мыйзам кабыл алынса, көп компаниялардын буга чейин дары-дармекти кантип, каяктан алып кирип жүргөнү ачыкка чыгат.

Саламаттык сактоо тармагын электрондук башкарууга өткөрүү бүгүнкү күндүн талабы

Саламаттык сактоо тармагындагы электрондук башкаруу ишке ашса, жарандардын дары-дармектерди алуусунан тартып, тиешелүү медициналык маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн да бир топ жеңилдетет. Андан сырткары, ар бир дарыгердин да кайрылган бейтаптар тууралуу маалыматтарды тактап алышына ыңгайлуу шарт түзүлөт. Бүгүнкү күндө көп дарылар чет өлкөдөн алынып келинет. Айрымдарын издеп табуу да кыйынга турган учурлар бар. Эгерде электрондук база - интернетке туташылса дарылардын иретин билип алуу ар бир кардар үчүн бир топ жеңил болот. Ошондой эле, жаңы электрондук системанын дагы бир артыкчылыгы - ооруканада иштеп жаткан дарыгерлердин ишин көзөмөлдөп, коррупцияга бөгөт коёт. Электрондук базанын жардамы менен ар бир аптекада компьютерде түшүрүлгөн дары-дармектер гана сатылат. Эгер базада жок дарылар сатылып жаткан фактылар аныкталса, ошол жерден аптека жабылып, жетекчилигине иш козголот.

Мамлекет дарылардын баасын көзөмөлгө алат

- Мыйзамда өкмөттүн дары-дармектин баасын көзөмөлгө алуусу камтылган;

- Аялдарга жана балдарга клиникалык сыноо жүргүзүүгө тыюу салынат;

- Өлкөгө кирген дарылардын мөөнөтү өтүп кеткен учурларда аны кайра чыккан мамлекетине алып барып жок кылуу ошол дарыны алып келген компаниянын моюнуна жүктөлөт. Буга чейин мөөнөтү өткөн дарылар Кыргызстандын аймагында жок кылынып келген. Бул өз кезегинде экологияны булгайт.

Эгер бул мыйзам кабыл алынса элди сапаттуу дары менен камсыз кылуу тармагында бир тепкичке өйдө көтөрүлгөн болобуз.

Анархан Алтымышова,

“Кабар”

Пикир

Оставить комментарий