Тажикстандык кыргыздар чач өрүү тоюн өткөрүшөт

2021 кароо Аналитика 0

Маалыматтарга таянсак, Тажикстанда 70 миңдин тегерегинде этникалык кыргыздар жашашат. Кыргыздар негизинен Мургаб жана Жергетал аймактарынан орун алып, жашап калышкан. Бул аймактагы этникалык кыргыздардын өздөрүнө мүнөздүү каада-салттары бар. Алардын кандай өзгөчөлүктөрү бар? Кыргыздарга тиешелүү болгон кандай үрп-адаттарды сактап келишет? Суроолорго жоопторду төмөнкү материалда сунуштайбыз.

Негизинен Тажикстандык кыргыздар тоолуу аймактарда мал чарбасы менен алектенишет. Алардын жеген тамагынын көп бөлүгүн нан жана эт түзөт. Соңку жыйырма жылдан бери экономикалык жактан катаал шартта жашап келишет. Тажикстандык кыргыздардын турмушу оор болсо да абдан мейман дос эл.

Ал эми Тажикстандык кыргыздардын каада-салттарына токтолуп кетсек. Этникалык кыргыз Гулчехра Халанова каада-салттар жөнүндө төмөнкү маалыматтарды баяндап берди.

“Бизде маанилүү салттардан болуп, үйлөнүү үлпөтү, бешик тою, тушоо кесүү, анан кыздардын чачын өрүү болуп саналат. Алгач кыздардын чачын өрүү жөнүндө айта кетсем, анда кыздар балакат жашына жеткенден баштап, 14-15 жашка чейин чач өрүү той катары өткөрүлөт. Анда атайын кой союшуп, конок тосуп кызга бата алышат. Аялдар келип кызды орто жерге өткөрүп, чачын майда өрүп, чачына кошо шакек, сөйкө ар кандай жасалгаларды кошо өрүшөт.

Ошондой эле, үйлөнүү тоюна камтылган майда салттары да бар. Мисалы, той болоорго жакын кыз жана күйөө жак кошуналарын чакырышып, ар бир үйгө жумуш бөлүп беришет. Бир кошунасына боорсок, экинчисине нан жасоо бөлүштүрүлөт. Ушундай жумуштарды ар бирине тапшырат. Анан дагы тогуз табак, кап тикмей дегендер да бар. Кап тикмей салты кыз жактан болот. Анда атайын кап даярдашып, ичине аркандай тамактарды, мисалы, сары май, өпкө салышат. Ал каптын сыртына кызга тиешелүү буюмдарды, шакек, сөйкө, чач жасалгаларды жана башка керектүү буюмдарды тигишет. Аны той болуп жаткан учурда чакырылган конокторго беришет. Ошондой эле, 9 табакта 9 түр тамак, 9 түр жемиш, 9 түр нан болот. Анан кыз узатуу болот. Кызга кыргыздын улуттук кийимин кийгизип узатышат".

Ошондой эле, Гулчехра айым белгилегендей, бешик той да айрым өзгөчөлүктөрү менен өткөрүлөт. Кыз төрөгөнгө аз калганда ата-энеси алып кетишет. Кыз төрөгөндөн кийин кыркы чыкканда, кыз тарап бешик алып барып, бешик той өткөрөт. Кийин бала алгачкы кадамдарын таштаганда, кыргыздардагы сыяктуу эле, тушоо кесүү тою берилет.

ГулнораТожихонова

Пикир

Оставить комментарий