Тойго кеткен акча кайра кайтабы?

2649 кароо Аналитика 1

Кыргыздын салтында тойго кошумча акча берүү деген өзгөчө бир салт бар. Тапкан айлыгымдын көбү тойлорго кошумча берүүгө кетти дегендер арбын. Кыргызстандын каржы базары, банктары, чакан каржылоо тармагы өнүгүп жатат. Бирок калктын каржы сабаты жогорку деңгээлде болбогондуктан, бул жаатта бир катар маселелер пайда болууда. Коомчулуктун басымдуу бөлүгү акча табуу, үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдүү бөлүштүрүү, байлык топтоо жана топтолгон каражатты инвестициялоо жаатындагы каржы сабактарына муктаж болуп турат.

Кыргыздыкы кырк жылда кайтат

Салтка айланып калгандай, той-аштарга куру кол барбай, жыйган-тергенин кошумча кошууга жумшагандар көп. Анан калса, Кыргызстан той-аш берүү жагынан бир кыйла өнүккөн. Тойго кеткен акча узак мөөнөтүү инвестициябы же үй-бүлөлүк бюджеттин чыгымыбы? деген суроонун тегерегинде окурмандарыбызга суроо сузатып көрдүк. Бир топ жылдан бери тойлорду тамада болуп жүргөн Талантбек Качкынбеков жакшылык-жамандыкта берилген кошумчаны чыгым катары эсептебейт:

Мен 8 жылдан бери тамадалык менен алектенип келем. Көп адамдардын жакшылыктарына күбө болуп жүрөм. Бир да жолу той берген адам чыгым болдум дегенин уга элекмин. Кошумча бул кыргыз элине гана таандык жакшы салт деп айтат элем. Башка элде мындай салт жок болсо керек. Кошумча салыштырып айтканда банкта сакталган акча сыяктуу, улам кичинеден кассага сала бересиң да, керек болгон учурда пайдаланасың. Жашоодо жамандык-жакшылык ээрчише жүрөт эмеспи, ошондой учурда алыш-катыштарың көптөп колдоп кетет. Ошондуктан кошумча үй-бүлөнүн чөнтөгүн бөксөртөт дегенге кошулбайм. Учуру келгенде чогулуп, артка кайта турган инвестиция десем туура болот, – деп пикир бөлүштү ал.

Жоолук, калпак берген салт акырындап жоюулуп баратат

Чүй облусунун Сокулук районунун Саз айылынын тургуну, 66 жаштагы Өмүрбек Болотбеков салтка айланган той-аштарга дайыма барып, кошумча катыштарын берип турарын айтты. Анын пикиринде, тууган-урук, жакын санаалаштар менен колуңда жок болуп турса дагы катышып турган туура.

– Негизи адамдар менен алышып-беришип эле турган жакшы. Колунда барлар аш-тойлорду бере беришсин. Албетте, бул жаатта ашыкча ысырапкорчулукка жол бербеш керек. Бирок катыш деген болуш керек, ал сенин шартың бар же жок экенине карабайт. Мисалы, менин жашоо турмушум орто. Туугандар, кошуна-колоңдор, бирге шерине ойногон адамдар бар, алардын жамандык-жакшылыктарына акчам жок болсо дагы карыз сурап уят деп калбай барганга аракет кылам. Менин бир ишим чыкса алар да келишет. Ошентип эки тараптуу кошумча-катышты жүргүзөбүз. Азыр элдер үйлөнүү, бала тойлорду кафе-ресторандарга өткөрүп калышты. Айрымдары гана үйүнө беришет. Ал эми кафеге чакырып жаткан соң, менин пикиримче, сөзсүз түрдө конвертке акча салып алып барышың шарт, муну катыш деп коет. Куру кол бара албайсың да. Кээ бир айыл аймактарында да мурункудай мата, жоолук, калпак, кийит, таттуу алып бармай акырындык менен жоюлуп баратат. Бир туугандар арасында кошумчадан тышкары өзүңдүн көңүлүңдөн чыгарып, жардам иретинде акча берүү көрүнүшү дагы басаңдап калгандай. Көпчүлүк учурда белгиленген сумма гана берилип калды. Азыр аш-той өткөрүп жатканда дагы баланча менен катышым, баланчаны чакырам, мынча акча түшөт деп баштан-аяк эсептеп туруп чакырып калышкан. Демек, бул үй-бүлөлүк бюджетке салган өзүнчө инвестиция дейт элем.

Ошондой эле, кошуна Тажикстанда той жана маркумду акыркы сапарга узатууга үчтөн ашык кой союлбайт, үчтөн ашык машина ЗАГСка чыкпайт жана 100дөн ашык адам чакырылбайт. Ким ушул тартипти бузса, айып салынат. Учурунда Тажикстанда жашап келген карыя Улукбек Малдыбаев ал жакта той-аштарды кыскартуу, мамлекеттик деңгээлде теске алуу оң натыйжа бергенин белгиледи.

– Мындай мааракелер болгондо тиешелүү орган кызматкерлери келген эл менен кеткен чыгымды эсептеп турушат. Натыйжада Тажикстанда жакырчылык 57%га кыскарып, борбору Дүйшөмбү цивилизациялуу шаарга айланган жана алыскы айыл, кыштактарында жолдор оңолуп, социалдык маселелери тездик менен чечилүүдө. Ал эми бизде той, ар кандай иш чаралар, баланча баатырдын түкүнчө жылдыгын өткөрүү мамлекеттик деңгээлге чыгып кетип, жыл сайын ондогон иш-чараларга жүздөгөн миллион сом жумшалууда, - деп салыштырды Улукбек Малдыбаев.

Ошентип ар кыл пикирлерден кийин кыргыздын кошумча берүү салты бир четинен алганда материалдык колдоо, экинчи четинен алганда үй-бүлөнүн чөнтөгүнө олуттуу жүк экенин баамдадык.

Каржынын тили менен алганда бул салтты узак мөөнөттүү насыя линиясы, узак убакытка салынган инвестиция катары карасак болчудай. Балким, бул коом башкача ойлонгон күнү башкача болот.

Бегимай Талантбекова.

Пикир

  • Үсөн

    Үсөн 5 months ago

    Ушу кыргыздар кызык калк - жылына той-тополоңго деп 2 млрд долларлык каражат коротот экен. Анан мисалы - үйлөнүү тойуна деп кредит алышат экен - 10 миң долларга чейин. Аны 3-4 жылдык мөөнөттө төлөп бериш үчүн Россияга ишке кетет экен. Ошентип, "элден артта калбайын" деп жасаган ак иши мойнуна илинип калат. Кееде карыздан кутула албагандар качып житип кетишет, же өмүрүн кыйышат. Ошентип ар-бир шаарда тойкана көчөсү пайда болду. Бишкекте - Алмат-Атинская көчөсунүн аты Тойкана көчөсү болуп калган. Алардын ээлерин баккан эл, ошол ээлер байышып, дагы тойкана салышууда.
    Той-топурду азайтпайлыбы? Башка элдердей сарамжалдуу-чакан той өткөргөнгө өтпөйлүбү? Ушу макала деле бир карасаң тойлорду актагансыйт, бир карасаң - сындайт. Бирок элдин ой-пикири түрлүү экенинкөрсөтүп - беш бармак тең эмести далилдейт. Кой, туугандар, той-пойду кыскарталы, каражатты үнөмдөйлү! Антпесе эртең карызга малынып калабыз да, ишенген туугандар да бересесиң ала албай, кур-жалак калабыз!

Оставить комментарий