Токтогулда дайынсыз жоголгон бала табыла элек. Аны 122 адам издеп жатат

487 кароо Аймак 0

Бишкек, 19.04.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 11-апрелде 1997-жылкы бала дайынсыз жоголуп кеткен. Азырынча натыйжа жок, издөө иштери үчүн жалпысынан 122 адам тартылган,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 1997-жылы туулган Т. уулу А. үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. 17-апрелде дайынсыз жоголгон баланын туугандары ӨКМ кызматкерлерине издөөдө жардам берүүнү суранып кайрылышкан.

“Учурда издөө иштери уланууда. Кечээ, кечки саат 19:00гө чейин издөө иштери уланып, убактылуу токтотулган”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий