Өзбекстандагы этникалык кыргыздардын каада-салттары

5316 кароо Аналитика 1

Статистикалык маалыматтарга караганда Өзбекстанда 370 миңден ашык кыргыздар жашайт. Кыргыздар негизинен Анжиян, Фергана, Жиззах, Сырдарыя, Самарканд, Ташкент облустары, Каракалпакстан аймактарынан орун алып, жашап калышкан. Дал ушул аймактардагы этникалык кыргыздарда кыргыздарга тиешелүү каада-салттар сакталып калганбы? Кайсыл салты өзгөрүүгө учураган деген суроолорго жооп алуу үчүн төмөнкү маалыматтарды сунуштайбыз.

Ташкент, Сырдарыя облустарындагы кыргыздардын басымдуу бөлүгү казак, өзбектер менен чогуу жашап, өзбек, казак мектептеринен билим алгандыктан, алардын руханий дүйнөсү, каада-салттары, тили өз таасирин тийгизген. Анжияндык кыргыздар жашаган аймактарда болсо көптөгөн кыргыз мектеп-лицейлер бар. Ошондуктан алар эне-тилин жакшы сактап калышкан.

Кыргыздардын көпчүлүгү Ташкент облусунун Бөкө, Чирчик, Газалкент, Чимган, Паркент, Күмүшкөн, Кавардан деген аймактарда жашап жатышат. Болжол менен ал жактагы кыргыздардын саны 25 миңге жакын. Ташкенттик кыргыздар жалпы жонунан өздөрүн “чапкылдыктар“ дешет. “Чап” - сол, “кол” - “сол колдогулар”, “сол канаттагылар” дегенди түшүндүрөт. Чапкылдыктардын бир бөлүгү Баткен облусундагы Лейлек, Баткен, Жалал-Абаддын Сузак райондорунун аймактарын байырлашат.

Санжырасына кайрыла турган болсок, чапкылдыктар кыргыз урууларынын ичинен ичкилик уруулук тобуна кириши мүмкүн. Мындан сырткары, ошол эле аймактарда кыргыздардын ават, оргу, нойгут сыяктуу уруулары жашай турганы аныкталган. Санжырачылардын айтымында, чапкылдыктардын туугандары Анжиян, Кокон, Сүлүктү, Лейлек, Кызылкыя жана башка жерлерде жашашат. Ташкенттик кыргыздар мурун Чаткал кырка тоолорунун батыш капталдарынан орун алган Нуреката, Аската деген абдан кооз жерлеринде жашашкан деген маалымат бар.

Сырдарыялык кыргыздар Сырдарыя, Жиззах областарынын аймактарында жашашат. Бул аймактарда кыргыздын ичкилик уруусуна кирген тейит, кесек уруусунун өкүлдөрүнүн бир бөлүгү жашайт. Алардын жайгашкан жерлери Заамын, Бахмал, Достук, Ильич районунун аймактары. Сырдарыялык тейиттердин уруулук курамы Лейлек, Каратегин кыргыздарындагы тейиттердин уруулук курамы менен толук дал келет. Демек, аталган кеңири аймактардагы кыргыздардын тукуму дегенге толук негиз бар. Ташкенттиктерден айырмаланып Сырдарыялык кыргыздардын негизги бөлүгү тоо аймактарда жашайт. Ошондуктан аларда тил, улуттук каада-салттар жакшы сакталган.

Ал эми Өзбекстандын кыргыздардын каада-салттары кандай? Ташкентте чоңойгон Ибрагимова Гулнура Ташкенттеги этникалык кыргыздардын каада-салттары жөнүндө төмөнкүдөй айтып кетти:

- Ташкенттик кыргыздарда жаңы келген келин ар күнү эрте менен көчөнү, эшигинин алдын шыпырат жана ошондой эле, “келин салам” деген үрп-адаттары бар. Келин саламда келин бүтүн кайын-журтуна жүгүнүп салам берет да, ар биринен белек алат. Дагы бир салттардын бири “бешик той”. Мында келиндин үй-бүлөсү жаңы төрөлгөн наристеге бешик алып келип, элге той берет. Ал эми бешиктеги бала уул болсо, ал бир аз чоңойгондон кийин келиндин ата-энеси небересине кулун алып барып, ар түрдүү белектер менен сыйлашып, дагы элге чоң той берет.

Ошондой эле, сырдарыялык кыргыз кызы Саматова Хумора сырдарыялык кыргыздар жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды билдирди:

- Жаңы келин келгенде аны үч жолу ысырыктап айлантып, колуна май сүйкөйт. Анын мааниси келечекте келиндин үй-бүлөсү бекем болуусун билдирет жана жаңы келин жаңы үйүнө кирээрде кайненеси эки жоолук салат да, ошол үйдүн эң кичүү эркек баласы үбөлүк менен келиндин бетин ачат. Ошол менен бирге Өзбекстандык кыргыздар сөзсүз түрдө элге эки күн той берет. Биринчи күнү кыздын үйүндө элге аш берилип, кудаларды жана күйөө-досторду конок кылып, кечинде элдерди чакырып той өткөрөт. Эртеси күнү кызды узатып кетип, тойду улантышат.

Өзбекстанда жашаган этникалык кыргыздардын салттарынын дагы бири “Сүмөлөк кечеси”. Нооруз майрамына жакын кошуналар өз-ара чогулуп, сүмөлөк кечесин өткөрөт. Ал кечеге жаңы келиндер, кыздар чогулуп, сүмөлөк жасап, баары ниет кылып аны аралаштырып, таш ташташат. Ал жактагы кыргыздардын жакшы адаттарынын бири “саламдашуу”. Кайсы жерде болбосун, тааныш же тааныш эмес, өзүнөн улуу кишилерге өтүп бара жатып сөзсүз түрдө “Ассалому-алейкум” деп ал-акыбал сурашып өтүшөт.

ГулнораТожихонова

Пикир

  • Турсунбай Бакир уулу

    Турсунбай Бакир уулу 5 months ago

    Озбекстандын жаны президенти Шавкат Мирзиёев кыргыздар турган Жизак облусунун Заамин районунда туулган. Кээ бир маалыматтар боюнча Ш.Мирзиёевди чонойткону кыргыз энелер да катышкан. Ошондуктан Кыргызстанга жана кыргыз элине Ш.Мирзиёевдин мамилеси дурус, аны мамлекеттик денгээлдеги да, карапайым калктын денгээлинде да адамдар сезип жатышат.
    Эмне учун муну мен баса белгилеп жатам? Биринчиден, Озбекстанда жашаган кыргыздардын саны расмий турдо корсотулгон 370 мин эмес, а андан коп. Улуттук каада-салтын, тилин, идентификациясын сактап калуу учун созсуз Кыргызстан менен Озбекстандын ортосунда мыкты мамилелер да, келишимдер да болууга абзел! Озбекстанда жашап жаткан кыргыздар учун ынгайлуу шарттар тузулуп алардын жашоо шарттарына, билим-илим алуусуна, инсан катары калыптанышына Кыргызстан да кызыкдар болуш керек. Бир кезде чек аралар жок эле, эми болсо болок олкодо калып калгандыгы учун кыргыздардын куноосу жок да! Аны тушунбогондор Озбекстандагы кыргыздарды "биздей эмес экен!" деп жемелегени, шылдындаганы таптакыр туура эмес.
    Экинчиден болсо, жеке кызыкчылыгым да бар. Аны жашырбайм. Озбекстандын Анжиян жана Сыр-Дария областарында туугандарым жашайт, аларды сагындым. Бирок Ислам Каримов президент болуп турган учурда мен Озбекстанга кире албай калганмын. Чек арадан откондо камакка алып Ташкентке жеткиришмек. Аны Кыргызстандын бийлиги жакшы билген. Созсуз себебин сурагандар чыгат: 1)Кыргызстандын озбек улутунда жарандар уурдалып жашырын жол менен Озбекстанга алып отулуп, ал жакта узак моонотко абакканаларга камалуусуна каршы чыкканым учун; 2) Ислам Каримовдун эн негизги саясий атаандашы - "Эрк" партиясынын лидери Мухаммед Солих менен 1996-жылы Германияда учурашканым жана аны ислам дининде устазым, саясатта насаатчым деп атаганым учун; 3) 1999- жылы Баткен согушунда ИДУ (Ислам Озбек Аракети) жетекчилери Тахир Юлдашев жана Жумабой Намангони менен Ооганстанда жана Тажикстанда согушту токтотуу, Кыргызстандан можахеддерин чыгып кетуусу жана туткундагы кыргыз генерал баш болгон кыргыз жоокерлер менен жапон жарандарын бошотуу жонундо суйлошуулорду жургузгондугум учун; 4) 2005-жылы Анжиян которулушундо Кыргызстанга качып келген озбек жарандарды Кыргызстандын Акыйкатчысы (Омбудсмени) катары коргоого алып, Озбекстандын бийлиги Анжиян которулушуно куноолуу деп сурап жаткан жарандарын Ташкентке берууго расмий каршы чыкканым учун. 5) "Кара-Суу районунун Борбордук мечитинин имамы Мухаммадрафык Камалов Кыргызстандын жана Озбекстандын атайын кызматтар тарабынан Ош шаарындла олтурулду. Каары аке шахид болуп кетти!" деп 2006-жылы Кыргызстандын Акыйкатчысы (Омбудсмени) катары расмий билдируу жасаганым учун. 2-чи, 3-чу жана 4-чу себептерге келсек, алар боюнча Ислам Каримов расмий турдо мени катуу сынга алды жана ошол создорун Озбекстандын расмий телеканалдары корсотуп туруп алышты. Дагы эки себеп бар, бирок жогору аталган себептерге караганда аларды "майдараак" деп эсептейм: 6) Озбекстанда жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сакталышы жонундо депутат катары да, Омбудсмен катары да катуу сын-пикирлерим учун; 7) Озбекстан Кыргызстанга газ бербей койгон жана жолдорду жаап салган учурлары расмий Ташкент бийлигин катуу сындаганым учун...
    Бирок, откон ишке салават! Озбекстандын жаны президенти Ш.Мирзиёев биздин мамлекет менен алакаларды жаныртуу, бекемдоо жана мындан да онуктуруу аракеттерин кубануу менен кабыл алып, биз дагы озубуздун аракеттерибизди аябашыбыз абзел! Бул эки бир тууган олконун гана эмес, мазары жана базары бир эки коншу эл учун гана эмес, а Кыргызстанда жашап жаткан озбек улутундагыларга жана Озбекстанда жашап жаткан кыргыз улутундагыларга абадай созсуз керек!

Оставить комментарий