Өзгөндөн чыккан өзгөчө кыздын ийгилик сырлары

4459 кароо ТАГДЫР 0

Жаштайынан китеп окуганды жакшы көргөн Элира Турдубаева учурда Борбор Азиядагы Америка Университетинин “Журналистика" факультетинин деканы болуп эмгектенет. Элира айым мезгил агымы менен тең жарышып, кесиптик ишмердүүлүгү менен үй-бүлөлүк жашоосун бир нукта алып бара жаткан ийгиликтүү мекендештерибиздин бири. Бул маекте ал ийгилигинин сырлары менен бөлүшүп, кызыктуу тажрыйбаларын айтып берди.

- Журналистикага кандайча келип калдыныз?

- Мен өзүм кичинемден китепке, журналисттик тексттерге жакын болчумун. Апам мектептин китепканасында иштечү. Анан үйгө көп китептерди алып келе берер эле. Мени чоң атам менен чоң энем өстүргөн. Чоң атам да китепти аябай көп окуган киши болгон. Пенсияга чыккандан кийин деле колунан китеп түшчү эмес. Китептерди кайра-кайра окуй берип барактары майланышып калар эле. Ошол чоң атамдын таасири көбүрөөк тийди. Жайында жайлоого чыкканда дагы китептерди алып барып, окучумун. Өзүм кыргыз тил, адабиятка жакын болгонум менен, кийинчерээк англис тилине кызыгып калдым. Мектептин ресурс борборунун лингафондук кабинетинен чыкчу эмесмин, англис тилиндеги кассеталарды үйгө ала келип, бир далайга наушник менен уга берчүмүн. Үйдөгүлөр үнүн катуу чыгарып телевизор көрүп атса деле, мен наушникти кийип алып угуп отура берер элем.

Университетте окуп жүргөндө эжемдер менен чогуу туруп калдым. Эки бөлмөлүү үйгө туугандар көп келишчү. Ошондо деле сабагымды калтырбай аткарчумун. Окуйм деп максат коюп иийгиликке жетишсе болот экен. Максатты да туура коюш керек, колдон келе турган. Анан ага жеткенден кийин болду мен ага жеттим деп отуруп калбастан, андан кийинки максатты коюш керек. Ага жетүү убакытты сарамжалдуу пайдалангандан көз каранды.

Мектепти бүткөндөн кийин Манас университетинин коом менен байланыш бөлүмүн бүтүрүп аспирантура, магистратура жана докторантураны ошол жерден окуп калдым. Окуумду бүтүргөндөн кийин ошол эле окуу жайда сабак берип жүрүп, кийин БААУдан саат алып иштеп баштадым. Төрт жылдан бери декан болуп иштеп жатам, болочок журналисттерге сабак берем. Көбүнчө изилдөөлөрдү жасайм. Медианын колдонуучулары, жаштар кантип колдонушат, медианын коомдогу ролу, саясаттагы ролу, саясий коммуникация, партиялар кантип колдонушууда, контент-анализдерди кылабыз. Андан сырткары, англис тилинде макалаларды жазам.

Журналистикага, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана журналистика боюнча изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө салым кошууга аракет кылып жатам.

- БААУнун башка окуу жайлардан кандай айырмачылыгы бар?

- Бизде журналистика жана массалык коммуникация бөлүмү болуп саналат. Негизи 2 диплом беребиз: америкалык жана Кыргызстандыкы.

Американын Бард университетинин окуу программасы менен Кыргызстандын билим берүү министрлигине баш ийебиз. Алардын ортосунда симбиоз кылып окуу программабызды чыгарганбыз.

Батыштын американын журналистика стандардарттарын жана биздин Кыргызстандын журналистика жаатында билим берүү стандарттарын кошуп бир окуу программа иштеп чыкканбыз.

Ошондуктан башка окуу жайлардан негизинен окуу программаларыбыз менен айырмаланабыз. Сабактар жаңы технологияларды колдонуу менен берилет. Жана негизги сабактардын баары англис тилинде. Ал эми тандалма сабактар кыргыз жанан орус тилдеринде жүргүзүлөт. Эгер чет элден келген студент ал сабакты тандаса, англис тилинде кылып беребиз.

Ошол себептен бизде мугалимдерди тандоодогу негизги талаптар - англис тилин билүүсү жана илимий даражасынын болушу. Андан сырткары магистр даражасы бар мугалимдер деле 5 жылдык тажрыйбасы болсо, сабак беришсе болот.

Белгилей кетсем, биздин мугалимдердин 60 пайызынын илимий даражасы бар. 40 пайызы атактуу, тажрыйбалуу журналисттер, коммуникаторлор.

Техникалык инфраструктура да айырмаланат: Телестудия, монтаждык студия, техника, аудио-видео каражаттары менен жабдылган. Дрондон бери сатып алдык. Кино тартканга да бүт бардык шарттар түзүлгөн.

Учурда 30дан ашык өлкөнүн студенттери окушат: Корея, Кытай, Афганистан, Америка, Россия, Казакстандан көп келишет. Көбүнчө тележурналистикага кызыгышат.

Студенттердин басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары. Айыл жеринен келген студенттер да бар, аларга материалдык жеңилдиктер каралган. Эгер жалгыз же жумушсуз ата-эне, пенсионер, көп балалуу үй-бүлөдөн, бийик тоолуу аймактардан келсе аларга 80 пайызга чейин жеңилдетүүлөр берилет. Көпчүлүк студенттер орточо эсеп менен 30-60% жеңилдиктерди алышат. Бирок алар жалаң 4-5 деген бааларды алып, жакшы окушу керек. Ал эми 3 алып баштаса жеңилдетүүлөрдү кесип коюшат.

- Окуу жайында жетекчи катары эмгектенүү менен бирге, макалаларды чыгарууга үлгүрөт экенсиз. Убактыңызды кантип жеткиресиз?

- Уйкудан, той-тамашадан каласың, досторду жыйыштырып эле коесуң. Бул жерде убакытты кантип туура колдонуш керек, же англисче «time management» керек. Күнүнө ырааттама түзүп, cаат мынчадан мынчага чейин бул жумушту бүтүрөм деп жазып алыш керек. Алдыга максат коюп, ошого жетишүү үчүн убакытты бөлүштүрбөсөң, эч нерсеге жетише албайсың.

Ишти эртеңки күнгө калтырбаганга аракет кылыш керек. Эртеси дагы башка жумуш чыгат да, калып калат.

“Манас” университетинде окуп жүргөндө түрк улутундагы эки окутуучу эжелерим бар эле. Экөө тең профессорлор болчу. Алар мени окутуп, кийин алардын кол алдында иштеп калдым, ошондо көп нерсеге үйрөндүм. Убакытты кантип үнөмдүү пайдалануу жөнүндө көп айтышчу.

Ошол эжелер мени окуткандан сырткары жашоодогу баалуулуктарды да үйрөтүшкөн. Ошондуктан мектептин, мугалимдердин ролу балдардын калыптануусунда чоң деп ойлойм.

Турмушка 22 жашымда чыккам. Үй-бүлөм, балам менен баарына жетишип, ошондо эжелерге далилдедим. Мындай шартта 2 эсе күч-кубат келет экен. Өзүм жакшы да окучумун.

Мага кичинекейимде чоң энемдин таасири өзгөчө болгон. Ал киши эмгекчил эле, таңкы 5те туруп оокат кылып баштачу. Анан “уйку көңүлдүн иши” деп айтып калчу. Мени эмгекке, тартипке, жоопкерчиликке, тазалыкка кичинемден баштап эле үйрөткөн. Иштесен тиштейсин, эгер бешенеңдин терин агызып иштебесең, ал адал тапкан эмгек эмес деп айтып калчу.

Азыр үйдө сериал көрүп отурбайм, убактым жок. Ал тургай бирөө менен кечке телефондон сүйлөшкөнгө да чолоом тийбейт. Андан көрө буга кеткен убактымды башка нерсеге кетирейин деп ойлойм. Баарын өз убагында кылыш керек, антпесе бул жашоодо эч нерсеге жетишпейсиң.

Айткан нерсени убагында аткарып, кээде өзүң менен өзүң күрөшүүгө да туура келет.

Мен чет өлкөгө көп чыгып, ал жактан айымдардын сүйлөгөнүн, кыймыл-аракетин көрүп сабак алдым. Андан сырткары чет өлкөлүк курбуларым да бар. Алар кыргыздарга турмушка чыгып калып калышкан. Ошол курбуларым менен көп сүйлөшчүмүн. Мага ошолордун сүйлөө манерасы, жүрүм-турумдары, маданий баалуулуктары көп таасир берген. Чет элдиктерде ушак айтуу же ишти убагында аткарбай коюу деген жок. Ушул сапаттарынан өзгөчө таасир алдым. Өзүңдүн катаңдын үстүндө иштегенди да үйрөнүү кажет. Башкалардын жакшы жактарын алууга умтулуу зарыл. Адам деген жакшы жакка өзгөрүп туруш керек. Жаңы нерселерге ачык болуп, ошолорду өзүнүн жашоосуна киргизүү дурус. Ошондо гана өнүгүү болот го деп ойлойм.

й-бүлөңүз жөнүндө айта кетсеңиз. Балдарга да көңүл бөлүү керек. Өзүңүздү карап жүрүү да убакытты талап кылат эмеспи?

- Үйдө бардыгын өзүм кылам. Үч балам бар. Спортко барганга убакыт жок. Дем алыш күндөрү үй-бүлөбүз менен велосипед тебебиз. Үйгө теннис коюп алганбыз, анда ойнойбуз.

Келбетиме кам көрүү максатында тамакты ченеп, тандап жейм. Майлуу тамактарды, камыр, нан, таттууну көп жебейм. Туура тамактанууга аракет кылам. Сергек жашоого умтулам.

Балдарды болсо, дем алыш күндөрү театрга, көргөзмөлөргө алып барам.

Туура пландаштырса, баарына жетишсе болот. Күндүз жумушта жүргөндө телефонго алек болуп, убакытты кетирбөө үчүн эч кимге жооп бербейм. Кечинде балдар менен сабак окуп атканда дагы. Кийин жооп жазып коем. Телевизордон кечинде жаңылыктарды гана көрөм.

Конокторго да көп бара бербейбиз. Тойлор көп убакытты алат. Ошондуктан майда тойлорго бара бербейбиз.

-Ийгиликке жетишем деген жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?

- Жаштардын өзүнө ишеними жогору болуш керек. Анын методикалары интернетте көп. Ошол маалыматтарды, психология жөнүндө китептерди окушса болот. Лидерлик сапатты өнүктүрүү, көпчүлүктүн алдына чыгып сүйлөө, булардын баарын үйрөнүү оң.

Экинчиден көп тил билүүгө умтулушсун. Кайсы болсо да 4-5 тилди окуш керек. Жаш убагыңда тилиң тез бурулат. Бирок жаш кезде эле окубастан, 90 жашка чейин деле үйрөнүүгө болот. Азыркы тапта өмүр бою үйрөнүү деген концепция чыкты. 40-50 жашка чыксаң деле студент болуп магистратурага тапшырсан болот. Мындай көрүнүш учурда мода болут атат. Мен бир нерсени үйрөндүм деп “кыйын болуп” отуруп калбай, кийинки ийгиликти көздөй бет алуу зарыл. Жада калса 3-4 магистратураны окууга болот.

Адамдын жашоосу стратегия, аны туура түзүү керек. Стратегиянын ичиндеги максаттарды туура коюп, ага жетүү жолдорун, механизмдерин иштеп чыгуу кажет. Күнүмдүк жашоону ар-бир саатка пландаштыруу туура болот. Эгер кыйын максат коюп алып жете албай калсаң, артка чегинип, токтоп калбай, андан ары кадам жасоо зарыл. Бир жолу болбой калса кайра-кайра аракет кыла бериш керек. Америкалыктар биздин студенттерди ушуга үйрөтөт. Эгер сен бир сынакка же грантка тапшырып өтпөй калсаң, кийинки жылы тапшыр. Ал тургай 10 жыл бою тапшыра бер деп үйрөтүшөт. Эч качан көздөгөн максаттан баш тартууга болбойт.

Балдарды маселелерди чечкенге үйрөтүү дурус. Тарбия берүүдө артыкчылыктарды кое билүү шарт. “Алма быш, оозума түш” деп отура бергенде, эч ким ийгиликке жетпейт, баарына эмгек менен жетүү зарыл экенин үйрөтүү керек. Ошондой эле заман шартына ылайык, каржылык сабаттуулукка үйрөтүү зарылчылыгы бар.

Жаштарга айтаарым: убактынарды текке кетирбегиле, айрыкча кыздар.

Ал-күчкө толуп турган убакта окуп, иштөө керек. Чет өлкөгө көп чыккыла дейт элем. Башка элдердин жашоосун көрүп, маданияты менен таанышып, алардын жакшы жактарын өзүңөргө сиңирип, Кыргызстанга келип ошолорду иш жүзүнө ашыргыла.

Маектешкен Нуржан Касмалиева

"Кабар"

Пикир

Оставить комментарий