ЖК болочок Өкмөттү билим сапатын көтөрүүгө, тышкы карыздарга олуттуу маселе жасоого чакырды

215 кароо Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.04.18 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин бүгүнкү, 20-апрелде өтүп жаткан кезексиз жыйынында жаӊыдан түзүлө турган Өкмөттүн программасы, ошондой эле анын түзүмү менен курамын бекитүү жөнүндө маселеле каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кезексиз жыйын жүрүшүндө Премьер-министрликке талапкер Мухаммедкалый Абылгазиев “Биримдик, ишеним, жаратмандык” программасы менен тааныштырды. Талапкер өз сөзүндө экономиканы чыңдап, жаратмандык менен иштеп элдин ишенимин актоого аракет кыларын айтып, бүгүнкү күндө мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги биримдикте иштөөгө баардык шарт бар экенин баса белгиледи. Анын айтымында, баштапкы билим берүүгө инвестиция салууга басым жасалат. Ошондой эле үй-бүлө институтуна камкордук көрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, айыл чарбасында иштиктүү аракеттерди күчөтүүгө артыкчылык берилет. Мындан сырткары, М.Абылгазиев аткаруу бийлигинин алдында экономикалык саясатты атаандаштыкка туруштук бере алгыдай жүргүзүү, бизнес жүргүзүүнүн жана инвестициялардын коопсуздугун кепилдөө, бизнес-омбудсмен институтун түзүү жана башка бир катар милдеттердин тургандыгын чечмелеп берди.

Эл өкүлдөрү тармактар боюнча кандай иштер алпарыларын тактап, суроолорун беришти. Бир катар депутаттар көптөгөн ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү керектигин белгилешсе, депутаттардын бир даары энергетика министрлигин кайра түзүү, жер маселеси боюнча мамлекеттик бирдиктүү бир комитет түзүү, эмгек жана миграция тармагын кайрадан бириктирүү зарыл деген пикирлери менен бөлүштү. Ошондой эле аткаруу бийлиги маданият тармагын дурустап каржылоону, эне тилибиздин өнүгүшү үчүн кескин чараларды көрүүнү талап кылышты. Болочок Өкмөт башчыга өлкө аймагында кичи ГЭСтерди курган ички инвесторлорго Өкмөт тарабынан убада кылынган шарттардын аткарылышы керектиги эскертилди.

Талкууда депутат Абдывахаб Нурбаев мугалимдердин деңгээлин көтөрмөйүн, сапатуу билим берүүгө мүмкүн эместигин, ал үчүн мугалимдердин эмгек акысын көтөрүү зарылдыгын баса белгиледи. Мындан сырткары, эл өкүлү аткаруу бийлиги толугу менен “Электрондук Өкмөткө” өтүшүшү керектигин айтып, бул Өкмөт өнүгүүнүн Өкмөтү болуусун тиледи. Ал эми депутат Кенжебек Бокоев админисративдик-территориялык реформаны эрктүүлүк менен колго алып, ирилештирүүгө жетишүүгө чакырды. Депутаттын пикиринде, мунун менен натыйжалуу башкарууга жетишүүгө болот.

Депутат Акылбек Жапаров мамлекеттик карызды төлөө маселесине токтолуп, тышкы карыздын ичинен Кытай мамлекетине болгон карыз өтө опурталдуу экендигин чечмелеп берди. Анын айтымында, акыркы 5 жыл ичинде Кытай мамлекетине болгон карыз жалпы карыздын 44%ын түзгөн. 2025-жылдары сырткы карыздын 71% Кытайга төлөшүбүз керек болот. Карыз алууда түзүлгөн макулдашууларда өлкөнүн суверендүүлүгү эске алынбастыгы, карыз төлөө мөөнөтү узартылбастыгы, сот иштери Кытай мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөрү жана Кытайдын Ганконг шаарында гана өтө тургандыгы белгиленип калгандыгын эскертти. Акылбек Жапаров муну менен болочок Өкмөткө кесипкөй адистер келип, мындай опуталдуу маселелерге олуттуу мамиле жасалышы керектигин айтты.

Депутат Бакыт Төрөбаев экономика тармагына жүргүзгөн талдоосун тартуулап, өлкөдө чет өлкөлөрдүн товарлары басымдуу түрдө көп сатылып жатканын, чет өлкөлөрдөн легалдуу эмес товарларды кириши күчөгөнүн, мындай көрүнүш ата мекендик өндүрүүчүлөргө да терс таасирин тийгизип жаткандыгын тизмектеп, мындай жагымсыз көрүнүштөрдү чечүүнүн жолун дагы сунуш кылды.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов мыйзамдын жогорку күчү камсыз болгон жерде тартип орноп, өнүгүү болоорун белгилеп, болочок Өкмөттү укуктук нигилизм менен күрөшүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий