ЖК кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал жөнүндө өкмөттүн маалыматын жабык түрдө угат

562 кароо Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.11.17. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Парламент кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал тууралуу өкмөттүн маалыматын жабык түрдө угууну чечти.

Бүгүн парламент чечим кабыл алып, өкмөттүн мүчөлөрүн Казакстан менен чек арадагы өткөрмө-көзөмөлдөө пункттарындагы жагдайды талкуулоо үчүн чакырышты.

10-октябрдан тарта Казакстан кыргыз-казак чек арасында күчөтүлгөн режим киргизген. Буга байланыштуу чек ара пунктунда узун чакырымга созулган унаалардын тыгыны жана жарандардын кезеги түзүлгөн. Кийинчерээк тараптар жарандарды жеңилдетилген тартипте өткөрүүгө макулдашышты.

Бүгүнкү күнү жүктөлгөн унаалар маселеси ачык бойдон калууда. Аларды жай өткөрүп же өткөрбөй коюшууда. Бул унаалардын бир нече чакырымга созулган тыгынына алып келди. 1-ноябрга карата 700дөн ашуун жүк жүктөлгөн унаалар турат.

Пикир

Оставить комментарий