Жогорку Кеңеш БШКга Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу кайрылган эмес

333 кароо Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.11.17 /Кабар/. Жогорку Кеңеш БШКга Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу кайрылуу жолдогон эмес.

ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, “24.kg” маалымат агенттиги баарынан алдыда болууну чечип, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жыйыны башталгычакты “БШКга Дастанбек Жумабековдун колу коюлган Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу парламенттин кайрылуусу келди”, – деген маалымат тараткан.

"Бирок, Жогорку Кеңеш Төрагасы Дастанбек Жумабеков мындай кайрылуу жөнөткөн эмес. Муну БШКнын жыйынында комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова да тастыктап: “Жогорку Кеңештен сунуш түшкөн жок”, – деп билдирди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы журналисттерге кайрылып, маалыматты жарыялоодон мурун тактап алууну өтүнөт",-деп айтылат парламенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий